Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов: ХЛОБЫСТАТЬ
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - БАЙ
 

БАЙ

 
БАЙ — эпизоддук кейипкер, Аралбайдын атасы экендиги гана айтылат (Саякбай Каралаев, 1. 202).

БАЙ

 
БАЙ — кейипкер, Бакайдын атасы, Жакыптын бир тууганы. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Б-дын окуясына кеңири орун берилет (Сагымбай Орозбаков, 1. 171—192). Алоокеден кордук көргөн кыргыздар туш-тушка тарап кетет. Ошондо Ороздунун ыркы жок он уулу Б-дын эки баласына бейпилдик бербегендиктен, Б. он жети жашында бөлүнгөн иниси Жакыпты издеп чыгат. Жолдо арык казууга алы келбей жатып калган карыя Б-ды Нескара көмдүрүп салат. Чала көмүлүп, эптеп эсине келген Б. Нескарага Чабдар аты адамча сүйлөп: «Манасты күчүнө толо электе кармап ал», — деп айтып жатканын угуп калат. Каздырып жаткан арыгын таштап, кишилерин түп көтөрө алып, Нескара Манасты соймокко аттанып кеткенден кийин эптеп бошонуп, Нескаранын артынан жөнөгөн Б. Жакыпка жолугуп, эки бир тууган табышат. Нескаранын ой-мүдөөсүн айтып кабар берет. Ошол боюнча алты жылга жакын Алтайда туруп калган Б. Дагалак шаарын алуу үчүн аттанган Манастын колу менен кошо жөнөйт. Ошол учурда Ала-Тоо тараптан келген Кошой баштаган колдун ичинде Бакай болот. Эки кол жолугушканда Б. баласы Бакайды Манаска тааныштырат. Саякбай Каралаевдин варианты нда Б. баласы Бакай бир жашка чыкканда душмандын айдоосунда жүрүп каза болот. Эпос боюнча чыгыш Түркстандагы шаар Б-дын атынан коюлган (Саякбай Каралаев, 1. 188).
И. Абдувалиев

бай

 
бай (колунда бар), байы
бай болгур (каалоодо же
нааразы болгондо)
бай-кедей
бай көчтү (балдар оюну)
(диал.)
бай-манап
бай тик-

бай

 
бай (эр, күйөө), байы

бай

 
бай: бай-бай

бай

 
I зат. 1. Мал-мүлктүү, дүнүйөлүү, бирөөнүн күчүнөн пайдалануучу адам, эзүүчү. Бай-манаптан өчүңдү ал, Алдатпагын зулумга (Тоголок Молдо).
2. Жетиштүү, оокат-тиричиликтүү; көп, мол. Колхозуң гүлдөп данга бай (Нуркамал). Кара алтынга бай Сүлүктү тоолору асманды көздөй чалкалап турушат (Сасыкбаев).
БАЙ IIзат. Эр, күйөө. Катын айтат эрине:Байым, мени жакшы көр, Атыңды сатып базардан, Макмалдан чапан алып бер! (Тоголок Молдо).
БАЙ III: бай-бай сырд. Таң калгандыкты, өкүнгөндүктү, мактангандыкты билдирет. Ээй заман, кандай кыраан сенин балаң, Бай-бай-бай (Осмонов).
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числобай
Множ. числобайлар
Синонимы
манап
бардар
Связанные слова
байлык
Склонение по падежам - "бай"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?бай
Родительный Чей?байдын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?байга
Винительный Кого?, Что?байды
Местный Где?, У кого?байда
Исходный Где?, У кого?байдан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?байлар
Родительный Чьи?байлардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?байларга
Винительный Кого?, Что?байларды
Местный Где?, У кого?байларда
Исходный Откуда?, От кого?байлардан

Найти все переводы слова "БАЙ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "БАЙ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru