Your translation history: антипатияПохищение человекасалмактатhieбюроРожачарылдасыраччастное предприятиеacıkmakантрактayaklanmakукенукатьЖЕРЛОкаасылкөлөмдүк күч
БАЙ — кейипкер, Бакайдын атасы, Жакыптын бир тууганы. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Б-дын окуясына кеңири орун берилет (Сагымбай Орозбаков, 1. 171—192). Алоокеден кордук көргөн кыргыздар туш-тушка тарап кетет. Ошондо Ороздунун ыркы жок он уулу Б-дын эки баласына бейпилдик бербегендиктен, Б. он жети жашында бөлүнгөн иниси Жакыпты издеп чыгат. Жолдо арык казууга алы келбей жатып калган карыя Б-ды Нескара көмдүрүп салат. Чала көмүлүп, эптеп эсине келген Б. Нескарага Чабдар аты адамча сүйлөп: «Манасты күчүнө толо электе кармап ал», — деп айтып жатканын угуп калат. Каздырып жаткан арыгын таштап, кишилерин түп көтөрө алып, Нескара Манасты соймокко аттанып кеткенден кийин эптеп бошонуп, Нескаранын артынан жөнөгөн Б. Жакыпка жолугуп, эки бир тууган табышат. Нескаранын ой-мүдөөсүн айтып кабар берет. Ошол боюнча алты жылга жакын Алтайда туруп калган Б. Дагалак шаарын алуу үчүн аттанган Манастын колу менен кошо жөнөйт. Ошол учурда Ала-Тоо тараптан келген Кошой баштаган колдун ичинде Бакай болот. Эки кол жолугушканда Б. баласы Бакайды Манаска тааныштырат. Саякбай Каралаевдин варианты нда Б. баласы Бакай бир жашка чыкканда душмандын айдоосунда жүрүп каза болот. Эпос боюнча чыгыш Түркстандагы шаар Б-дын атынан коюлган (Саякбай Каралаев, 1. 188).
И. Абдувалиев
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как БАЙ
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
9Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 6 + 3? Ответ:
Отправить