Меню
Эл-Сөздүк

БАБАМ МАНАС ЖӨНҮНДӨ БАЛЛАДА

«БАБАМ МАНАС ЖӨНҮНДӨ БАЛЛАДА» — композитор Глуховдун кеңири өөрчүтүлгөн, үч бөлүмдөн турган хордук капеллалык поэмасы (1974). Тексти акын Т. Кожомбердиевдики. Биринчи бөлүмдү бешик ырын элестеткен жай ыргактын коштоосунда элдин эркиндиги үчүн таңда боло турган кандуу кыргынды токтотууга мүмкүн эместиги тууралуу Манастын ой толгоосу түзөт. Экинчи бөлүмдө Манастын адамдык мыкты сапаттары чагылдырылып, капарсыз уктап жаткан жаш жоокерлердин далайлары курман болорун ойлоп, убайым тартканы берилет. Үчүнчү бөлүмүндө коогалуу түн, жоокерлер кошуну сүрөттөлөт. Сыдырым желден улам, күзөттөгү жоокерлердин кылычынын шыңгыр үндөрү гана угулат. Бул чыгармада Манаска тиешелүү монументалдуулук болбогону менен тарыхый татаал жолду басып өткөн элдин аздектеген баатырынын элестүү музыкалык образы түзүлгөн.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: