|
Айырбаштоо келишими
|
|
АЙЫРБАШТОО КЕЛИШИМИ – арбир тарап бир товарга башка бир товарды айырбаштоо менен, экинчи тараптын менчигине өткөрүп берүүгө милдеттенген келишим. Эгер ал А. к. жөнүндөгү мыйзамдык ченемдерге жана айырбаштоонун маңызына карама-каршы келбесе, А. к. тийиштүүлүгүнө жараша КР соода-сатык жөнүндө мыйзамдарындагы эрежелер колдонулат. Мында ар бир тарап товарды өткөрүүгө милдеттенген сатуучу катары жана аны айырбаштоого милдеттенген алуучу катарында да таанылат. Эларалык соодада А. к. адатта бартердик деп аталат.
|