Menu
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Автордук келишим

АВТОРДУК КЕЛИШИМ – автордун мүлктүк, ээлик укугун өткөрүп берүү боюнча түзүлгөн жарандык укук келишими. Укугун толугу менен өткөрүп берген А. к. менен укугун жарым-жартылай өткөрүп берген А. к-дин айырмасы бар: биринчисинде – чыгарманы келишимде каралган чекте, белгилүү бир жолжоболордун негизинде укук берилген жак гана пайдалана алат жана ага башка жактардын пайдалануусуна тыюу салууга мүмкүндүк берет (анын ичинде автор да бар); экинчисинде – чыгарманы пайдаланууга автордун дагы, анын мураскеринин дагы, ал жарым-жартылай укук берген жактын дагы, ушундай эле укук берилген башка жактардын дагы пайдаланууга акысы бар. Ошондой эле, чыгарманы тигил же бул чекте пайдаланууга улуксат берүү тууралуу автор жана/же анын мураскерлери тарабынан түзүлгөн келишимдер дагы А. к-ге жатат. А. к. даярдалып бүткөн чыгармага, же автор жазуу милдетин алган чыгармага карата да (автордун тапшырык келишими) түзүлүшү мүмкүн.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: