![]() |
АТ ЖАБДЫК |
Ат жабдыктардын көз тайгылткан даана кооздугу жана жаңыртуусу күйөөгө узатуучу кыздын аттанаар атын токууда бөтөнчө көрүнгөн. Мурунку чеберлер кайышты жана көндү ийлешсе, азыркылар ат жабдыктарын узанууда заводдун булгаарысына ак кайышты каттап кайып жана ак кайышты өрүү ыкмасын колдонушат да, ага көбүнчө күмүш ордуна жез, мис чөгөрүшөт. Ат жабдыктары негизинен «өрмөчүлүк» менен «кайышчылык» өнөрлөрү аркылуу жүзөгө ашат. Буга узануучу усталарды «Зергер», «ат жабдыктарынын чебери» «ээрчи», «өрмөчү», «кайыкчы» жана «кайышчы» деп бөлүшөт. |

Найти все переводы слова "АТ ЖАБДЫК" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "АТ ЖАБДЫК"?
Ввойти