Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы: урдурт- разбаловать стандарттык блок 98 МИКИТКИ Хилозии güldeste бракоразводный синтез КЕМЕНТАЙ аксаңда- клипер снись Летание шилтем стенограф çoğalmak РИЦИН иллюзия abstention Калың
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - АТ ЖАБДЫК
     

    АТ ЖАБДЫК

     
    (ээр токум, ат токулгасы). «Атка, уйга жарашкан, жабдык сатты кайран эл» (Ысак). Бул — атка токуп, минип кетүүгө керектүү буюмдардын жана шаймандардын жалпы аталышы. Ага: ээр, үзөңгү, канжыга, жүгөн, нокто, чылбыр, көмөлдүрүк, басмайыл, куюшкан, желдик, тердик, ичмектен сырткары көрпөчө, ат жабуу, үртүк, камчы кирет. Аталган буюм-тайымдардын ар биринин өзүнчө аткара турган милдеттери бар. Жасалышы жана санжырасы жагынан эркектердин ат жабдыгы, аялдардын (кыз-келиндердин) ат жабдыгы деп айтылат. Аларды чебердеп көркөмдөп жасоо жана жашоодо урунуу элибиздин маданий-материалдык турмуш-тиричилигине жараша болот. Көчмөңдүү турмушта уюткулуу журтчулук зергерчиликтин күчү менен ат жабдыктарын укмуштай сынпостоткон жана шөкөттөткөн.
          Ат жабдыктардын көз тайгылткан даана кооздугу жана жаңыртуусу күйөөгө узатуучу кыздын аттанаар атын токууда бөтөнчө көрүнгөн. Мурунку чеберлер кайышты жана көндү ийлешсе, азыркылар ат жабдыктарын узанууда заводдун булгаарысына ак кайышты каттап кайып жана ак кайышты өрүү ыкмасын колдонушат да, ага көбүнчө күмүш ордуна жез, мис чөгөрүшөт. Ат жабдыктары негизинен «өрмөчүлүк» менен «кайышчылык» өнөрлөрү аркылуу жүзөгө ашат.
          Буга узануучу усталарды «Зергер», «ат жабдыктарынын чебери» «ээрчи», «өрмөчү», «кайыкчы» жана «кайышчы» деп бөлүшөт.

    Найти все переводы слова "АТ ЖАБДЫК" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

    Хотите добавить свой перевод для слово: "АТ ЖАБДЫК"? Ввойти


    Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
    Language:
    Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
    Онлайн - рег.= = =
    Рейтинг@Mail.ru