АРАК — ачыган сүттөн же кымыздан тартылган алкогол ичимдиги. Бул түрдөгү ичимдиктерди түрк-моңгол элдери байыртан кеңири колдонуп келген. Ошондуктан, «Манас» эпосунда да А. жөнүндө маалыматтар бар. Мисалы, Радлов жазып алган вариантта «аракыга бал кошуп алтындан кылган аякка ага куюп сунуңар» (Радлов жазып алган вариант, 90-б.). Эпосто А. көпчүлүк учурда зыяндуу ичимдик катары баа берилет. А. душман тараптагы терс каармандардын сүйүктүү тамагы катары сүрөттөлөт. Оң каармандар аны ичкенде: «Арак деген аш ичтим балдар, акылымы кошо ичтим балдар», — деп өзүн күнөөлөйт. Ырасында, А. ичүү менен оң каарман туура эмес жолго барат, адашат. Мисалы, Көкчө өзүнүн айланасындагы арам ойлуу бийлердин амал менен берген арагына мас болуп, Алмамбет менен чатакташып айлынан кетирет, Көзкамандар Манаска арак берип мас кылып, ууландырып өлтүрө албай калышат. Кырк чоро Жакып берген аракка кызып, Каныкейге каршы аттанышат.
И. Молдобаев
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как АРАК
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
2Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 1 + 1? Ответ:
Отправить