Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

АНТИТЕЗА

АНТИТЕЗА (гр. antithesis — карама-каршылык) — түшүнүктөрдү, көрүнүштөрдү бирибирине ачык карама-каршы коюу. Тексттин, ойдун эмоциялуулугун күчөтүп, көркөмдүгүн жогорулатуу үчүн кызмат кылат. А. «Манас» эпосунда да көп кездешет: «Батыш менен чыгышка Айдап жүрдү чубатып» (Жусуп Мамайдын варианты, 1.540). Эпосто А. каармандарды сүрөттөгөн эпитеттерде жолугат. Мисалы, Бакайды мүнөздөгөндө: «Караңгыда көз тапкан, Капылетте сөз тапкан» (Курама варианты, 2.44). А-ны түзүүдө көбүнчө антонимдер пайдаланылат:
Ошо турган Акаяр
Өчкөн отун тамызып,
Өлгөн жанын тиргизип,
Үзүлгөнүн улады,
Салышпай карап турбады (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1.200).




Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: