Меню
Эл-Сөздүк

АДАМ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

АДАМ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ — «Манас» эпосунда дүйнөнү, өзүн курчап турган чөйрөнү аң-сезимдүү, максатка ылайыктуу өзгөртүү жана кайра түзүү багыттарындагы адамдык аракеттердин көп түрдүү формалары катары көрүнөт. Анын ичинде коомдун, элдин турмушунун бардык чөйрөлөрүнөн орун алуу менен, асыресе материалдык жана рухий жактан даана байкалат. Өзүнүн көп кылымдык өнүгүү тарыхында башка элдердей эле кыргыз эли да эмгек ишмердиктери, социалдык чыгармачылык аракеттери менен улам алга умтулуп келген. Бул жагдай «Манас» эпосунда жалпысынан алганда тарыхый, социалдык-экономикалык, турмуш-тиричиликтик, жашоо ыңгайлары менен ажырагыс байланышкан ишмердиктин эки түрү: практикалык же предметтик ишмердик (К. Маркс) жана рухий ишмердик тараптарында ачык сезилет. Эпостун мазмуну айгинелеп тургандай кыргыз элинин көп кылымдар бою көчмөн турмушта жашап келген ишмердүүлүк аракеттери да негизинен ушул жагдайлар менен шартталган. Элдин эмгек ишмердүүлүгүндө тигил же бул даражада дыйканчылык, кол өнөрчүлүк, уздук чеберчилик, аңчылык сыяктуу аракеттер орун алган. Мында адамдардын үй айбандарына, андан калса жапайы айбандарга жасаган мамилеси өзгөчө мааниге ээ болгон. Бул жерде адегенде эле элдин төрт түлүк малга айрыкча тен берип, пайдасын көрүү жагынан кыйла билгичтикке жетишкендикти баса белгилеп өтүүгө туура келет.
Ар бир тарыхый шарттын, коомдук турмуштун жашоо ыңгайларынын, тиричилик жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрүнө ылайык ишмердүүлүктүн бөтөнчө түрлөрү да пайда болгон. Маселен, «Манас» эпосунда кеңири чагылдырылган жылкычылык жана жоокерчилик багытындагы ишмердүүлүк да ушуну ырастайт.
Дегеле, көчмөндөрдүн байлыгы, дөөлөттүгү, салмагы, демдүүлүгү малдын саны менен өлчөнүп, мунун негизин дайыма жылкы түзүп келген. Мында жылкы, биринчиден, оокат азыктын булагы, экинчиден, жоого минчү ат, үчүнчүдөн, аш-тойлордун, оюн-тамашалардын шааниси, төртүнчүдөн, «универсалдуу унаа» катарында кыргыздардын жашоо-тиричилигинде, жоокерчилик турмушунда чоң роль ойногон. Бул жерде анын эки гана учуруна токтолуп өтүүгө туура келет. Мында адегенде эле анык байлык, мүлк, дөөлөт гана эмес, дал ушуларды табуунун да эң алгылыктуу, бирден бир каражаты экендигин да бөлө белгилеп кетүү зарыл. Бул жерде кеп, албетте, күлүктөр, жорголор жөнүндө болуп жатат. Даңазалуу күлүктөр ар кандай аш, тойлордо жарышка салынып, кээде өтө чоң байгелерди жеңип алуу менен ээсин заматта дүнүйөгө, мүлккө карк кылган. Буга айкын далил катары Көкөтөйдүн ашында чабылган аттарга сайылган баш байгени келтирсек болот:
Баш байгеге сайганы
Сексен миң жылкы, миң атан,
Жана жүз миң кой болду
Эсебин малдын ала албай,
Эл жакшысы буй болду,
Жабык башы кундуздан,
Жана токсон үй болду.
Үй башына карасаң
Бирден эркек ээси бар
Экиден шайдоот күң болду (Сагымбай Орозбаков, 3. 146).

Ушундай байгени жеңип алган күлүктүн баасын ченеп айтуу, албетте, кыйын. Атагы чыккан мыкты тулпарлар, аргымактар, тобурчактар, буудандардын даңкы баатырлардын даңкынан кем калган эмес. Алар кээде уурдап кетүүлөрдүн, зордоп тартып алуулардын объектиси, талаш-тартыштардын, жаңжалдардын шылтоосу болуп турган. Мисалы, Көкөтөйдүн ашында кытай баатыры Коңурбайдын «Мааникерди бер» деп чыр салганы.
Күлүктөр жөнүндө сөз болгондо дагы бир жагдай жоокердин аты тууралуу айтып өтүү абзел. Элдин, алардын ичинен чыккан баатырлардын тышкы душмандар менен тынымсыз кармашууларда, эрегишүүлөрдө, эрөөлдөрдө болушу жоого минчү аттардын өзүнчө түрүн пайда кылган. Ар бир баатырдын өзүнүн жоого минчү энчилүү аты болгон. Маселен, Манастын Аккуласы, Алмамбеттин Сараласы, Семетейдин Тайбуурулу жана башкалар Булар таймашта да, кармашта да чечүүчү мааниге ээ болгон. Баатырдын өзүнүн атынан ажырашы анын жеңилиши катары каралган. Эпосто жоокердин аты негизинен согуштук окуяларда сүрөттөлүп, күлүк, күчтүү, чыдамкай, талбас, шамдагай, ал түгүл канаты бар сыяктуу сапаттар менен мүнөздөлүп, аларга өтө чоң баа берилет.
Төрт түлүк, асыресе жылкы менен тиричилик кылган кыргыздар ал жөнүндө көп нерселерди билип, терең түшүнүктөрү болгон. Элдин арасынан атактуу саяпкерлердин, сынчылардын арбын чыгышы да ушул жагдай менен ажырагыс байланышкан. Маселен, алар бээнин кандай күлүк туурун, келечекте ал күлүк кандай болорун, же конкреттүү бир жылкыны көргөндө аны ар тараптан сыпаттап да кандай экендигин бир көргөндө эле аныктап бере алышкан. Ошондуктан, кээ бир саяпкерлердин, сынчылардын элдин эсинде сакталып, аңыз сөзгө айланып калышы кокусунан эмес.
Саяпкерлик, сынчылык жөндөм тубаса болуу менен баарыдан мурда узак тажрыйбадан жана үзгүлтүксүз байкоолордон келип чыккан белгилүү маалыматты, тагыраак айтканда адамдардын акыл-эс өнүгүүсүн айгинелеген рухий ишмердүүлүктү күбөлөйт. Мунун издери эпосто күлүктөргө, жалпы эле аттарга берилген мүнөздөмөлөрдө кеңири учурайт. Маселен, Мааникер «чалгынга минсе чарчабас, оорукка минсе оорубас», Сарала «кетмен туяк, кең соору, керишке минер мал» катары сыпатталат. Көкөтөйдүн ашында чабылган күлүктөр тууралуу мындайча айтылат:
Саяпкерге көп түлүк
Өркөчү бийик, зээри бас
Өкүм күлүк бир канча
Өөдө жерден ноюбас
Токсон күн минсе жоорубас,
Тобурчак бар бир канча...
Кара байыр, казанат
Калбыр өпкө, жез канат,
Камыш кулак, сом туяк
Каса тулпар андан көп... (Сагымбай Орозбаков, 3. 148).

Мында көрүнүп тургандай, байгеге кошулган күлүктөрдү кеңири сын-сыпаттоо гана эмес, алардын түрлөрүн тандоо, «жөндөмдүүлүктөрүн» таасын аныктоо да өтө жогору билгичтикте берилген.
Жыйынтыктап айтканда, эпосто кыргыз элинин жылкычылык жөнүндөгү түшүнүктөрү, байкоолору терең жана таамай. Чыгармада жылкынын өңү-түсүн шөкөттөө үчүн эле 200дөн ашык сөздөр кездешет. Ал эми жылкычылыкка тийиштүү сөздөрдү, сөз айкалыштарын алып көрсөк, алардын саны 1000ден ашат. Муну кыргыз элинин жылкычылыкка тийиштүү рухий ишмердүүлүгүнүн натыйжасы катары кароо абзел.
Эпосто даана байкалган А. и-нүн дагы бир салаасы — жоокерчилик. Бул дагы кыргыз элинин көчмөн турмушунан, жашоо үчүн болгон татаал тагдырынан келип чыккан. Дегеле тынбай көчүп-конуп жүрүү, жайыт талашуу жоокерчилик доордун шартында малга, анын ичинде жылкы тийип алуу, уруу-уруу менен жаңжалдашып туруу адамдарды дайыма сак, шамдагай болууга үйрөткөн. Бөтөнчө тышкы душмандардын күтүүсүздөн кол салып, элдин малмүлкүн талап, өзүн айдап кетүү, аны туулган жеринен ажыратуу сыяктуу баскынчылык жортуулдар элдин көзүн ачып, дайыма кыраакы болууга, жоого каршы даяр, камдуу турууга, канды-жанды аябай кармашууга мажбур кылган. «Мына ушундай кырдаалдардын аркасында, — деп жазган В. В. Радлов, — кара кыргыздар бүгүнкү күнгө чейин өзүлөрүнө өтө мүнөздүү жоокердик салтын сактап калган. Ар бир боз үйдүн жанында найза турат». Демек, жоо менен кармашуу, коргонуу, аны айдап чыгуу, же талкалоо элдин ушул багыттарда тынбай изденүүлөрүнө, аракеттенүүлөрүнө алып келген. Эпосто бул жагдайдагы ишмердүүлүктөрү негизинен баатырдын, эрдин, аскердин жоо-жарактарын жасоо иштеринде таасын байкалат. Маселен, баатырдыкты алсак, дегеле жоокерчилик заманды ансыз элестетүү мүмкүн эмес. Ал, биринчи кезекте адамдын жеке сапатын мүнөздөп турат. Алсак, Манасты сыпаттаган арстан, жолборс, кабылан, көк жал жана башкалар эпитеттер ага анчейин тотемдик түшүнүктөн эмес, көркөм каражат катары анын уруштагы, кармаштагы жекече артыкчылыгына, жоокердик мыкты өзгөчөлүктөрүнө, жалпы эле баатырдык турпатына карата ыйгарылган. Же болбосо баатырлардын жекече жоо-жарактарын алып көрөлү. Манастын Зулпукору, Алмамбеттин Жойкумасы, Бакайдын Кылболоту, Чубактын Ачалбарсы, Сыргактын Наркескени өздөрүнө таандык кылычтар. Алар өзүнүн куралы менен гана мыкты согуша алат. Мындан жалпы эле баатырлардын жеке жөндөмдүүлүгүнө, ыктуулугуна, илээкерлигине ылайык куралга ээ болуунун өзү рухий зор ишмердүүлүктү талап кылгандыгы ачык байкалат. Мыкты найзакер, таамай аткыч болуу, же кылычты бек кармап ээрде бекем олтуруу жана башкалар жоокерчилик сапаттар талбаган, тынбаган машыгуулардын негизинде жетишилген. Баатырлык, балбандык сапат рухий турмуштун ажырагыс бөлүгү болуп калгандыктан, аш-тойлор, элдик тамашалар жана башкалар алардын катышуусуз өткөн эмес. Эр сайыш, балбан күрөш, эңиш, көкбөрү тартуу жана башкалар намыс талашуу, намысты алдырбоо ыңгайында өтүп, өзүнүн курчтугу жагынан жоо менен кадимкидей таймашты, эрегишти элестеткен. Ушундан улам кыргыздарда балдарды жашынан баштап, ушул багыттарга жөндөмдүү (тырышчаак, чапчаң, бышык, ыктуу, күчтүү, тартынбас, жалтанбас) болууга тарбиялоо негизги максат болуп келген.
Эпосто баатырдыктын чагылышы көп кырдуу, ар жактуу (к. Баатырдык, Каармандык). Чыгармада ал нечендеген каармандардын образдарында сыпатталуу менен коомдук прогрессивдүү көрүнүш катары, асыресе элдин бийик рухий дараметин ырастап турат. Анын ичинде аскер жагында да бийик деңгээлге жетишкен. Мында адегенде эле «аскердик демократияны» эске алуу абзел. Бул курал кармаганга жарактуунун баарысы өз элин, өз жерин душмандан коргоого милдеттүү дегендикти гана билдирген эмес. Мында мейли коомдо болсун, мейли аскер кызматында болсун ээлеген чоң абалдарына, байлыктарына, орундарына карабастан, ар ким согуш мезгилинде тең, бирдей укукка ээ экендик баса белгиленет. Башкы баатыр Манас аскер башчы болсо да, өзү катардагы жоокердин эсебине кирген. «Аскердик демократия» бир жагынан зордуктоону, опузалоону четке какса, экинчи жагынан бекем тартипти талап кылган. Эпостун көпчүлүк варианттарында Манас Чоң казатка даярдык көрүп жатканда жыйылган колго кайрылып:
Бээжинге казат кыларга
Найзакерден мыктың бар,
Айбалта чабар ыктууң бар,
Кайра тартпас эриң бар,
Канды суудай агызган
Кара кулак шериң бар (Саякбай Каралаев, 2. 80),

— деп Манастын элге кайрылуусу буйрук эмес, кеңеш, акылдашуу иретинде болот.
Чоң казатка аттанган колго Алмамбеттин башчылык кылышы кокустук көрүнүш эмес. Мындагы түрдүү кыйын кырдаалдарды туура тандоо элдин, жердин сырын, кытайлар менен кармашуунун жөн жайын мыкты билген Алмамбеттин гана колунан келмек. Согушта жекече эрдикти, каармандыкты, иш билгиликти көрсөткөн жоокерлер өз учурунда байкалып, эске алынып, татыктуу баага ээ болуп турган.
Эпосто сүрөттөлгөн аскерлер топураган атчандардын тобун эмес, асыресе өзүнчө уюштурулган, атайын эрежеге баш ийген, куралдуу жоокерлердин түрлөрүнүн бирикмелеринен турган аскердик күчтү туюндурат. Эпосто кошунга синоним катарында көбүнчө кол, аскер, черүү деген сөздөр көп колдонулат.
Эпостун согуш эпизоддорунда Манастын чоролору душмандын бир жерин «оюп», бир жерин «жиреп», бир жерин «түрүп» бараткан жекече көрүнүштөрдө сүрөттөлөт. Ал эми реалдуу алып караганда, чоролор өзүнчө куралдуу жоокерлердин бөлүктөрүн башкарган. Мисалы,
Ошол чакта Алмамбет
Найзаны колго алуучу
Аянбай жоого кирүүчү
Арстандарды бир бөлүп,...
Бөрүдөй көк жал мыктысын
Байкагандай кубантып
Он эки кандын калың кол
Сан-сан кылып чубатып
Алып жүрдү Алмамбет (Саякбай Каралаев, 2. 83 — 84).

Контексттен алдыдагы согушка карата куралдуу бөлүктөр жоокерлердин жеке жөндөмүнө, кандай куралды жакшы биле жана колдоно ала тургандыгына ылайык курулгандыгын ачык сезүүгө болот. «Манаста» согуштун стратегиясына жана тактикасына жараша жоокерлердин аткычтары өзүнчө, чабууга өтө маш кылыччандар өзүнчө, найзакерлер, чалма чалчулар жана башкалар өздөрүнчө онго, жүзгө, миңге бөлүнүп кармашка киргендиктери көп эле көрсөтүлгөн. Урушта аскерлердин башкы туусу жана ар бир куралдуу бөлүктөрдүн өздөрүнүн туусу болгон. Алар өздөрүнүн бөлүктөрүнүн туусу астында салгылашкан. Кан төгүлгөн ар бир кармаштан кийин жоокердин саны катталып турган:
Буйрук кылып Эр Манас,
Алдыдагы белеске
Арстан туусун орнотуп,
Алышканын токтотуп,
Чогулушуп алышып,
Жанды катка салышып,
Калк эсебин алышып.
Элүү башы, он башы
Жүз башы менен миң башы
Баары турду эсептеп (Саякбай Каралаев, 2. 154).

Согуштагы ийгиликтерде аскер ишинин туура уюштурулушу менен катар, жоокерлердин мыкты куралданышы чоң мааниге ээ болгондугу эпосто таасын сүрөттөлгөн. Анда жоо-жарактарынын миңден ашуун аты кездешет жана алардын кандайча жасалгандыгы айтылат. Маселен, кылыч эң мыкты сапаттагы «ак болоттун» жана «кара курчтун» өзгөчө кошулмаларынан жаралган өткүр курал.
Металлдын ачылышы менен аскердик курал-жаракты жасоодо адамдардын ойлоп табуучулук аракеттери да кеңири кадам таштаган. Маселен, чабуул куралдары (кылыч, мылтык, найза, жебе, чокмор, балта жана башкалар) жана коргонуу куралдары (зоот, калкан, белдемчи, туулга, чарайна, чайинги, чопкут, бадана жана башкалар) арбын жасала баштаган. Жоокердин жоо-жарактары анын алдындагы күлүк, күчтүү аты сыяктуу эле таймашта зор роль ойногон. Андыктан ага айрыкча көңүл бурулуп, ар бир баатырдын өзүнө таандык энчилүү жоо кийимдеринин болушуна чейин жетишилген. Алсак, Манасты Аккелте, Аколпок, Айбалта, Ачалбарс, Бозкисе, Сырнайзасыз элестетүүгө мүмкүн эмес. Булар атайын Манаска арналган жана өзүнчө рухий бийик дем, күч менен жасалып, адаттан сырткары касиеттерге да ээ. Ал түгүл кээ бир куралдар адам колунан эмес, кандайдыр бир керемет күчтөн жаралып (асмандан түшөт жана башкалар), баатырга энчиленет. Мындай сыпаттоолор жоо-жарактарына айрыкча маани берилгендиктен улам пайда болгон.
Эпосто жоо куралдары негизинен адам колунан жасалып, алар өтө көп машакатты, акыл жана күч эмгегин талап кылгандыгы даана байкалат. Мында адамдын өнөрү, зээндүүлүгү. тапкычтыгы, дайыма баса белгиленет. Маселен, Каныкей ашкан акылман, билерман. Анын туура берген кеңеши менен гана Манас жаңжалдарда, согуштарда жеңиштерге жетишет. Ошону менен бирге, ал колунан коөрү төгүлгөн уз. Анын бул жөндөмү Манасты артыкча табылгыс жоо кийимдери, куралдары менен гана камсыз кылгандыкта эмес, ошондой эле кырк чорого, жалпы эле жоого аттанган жоокерлердин бардыгына сарамжалдуулугун көрсөтүп: «Жакасы алтын жеңи жез, Кош бадана, торгой көз, Келеме бото, кең күрмө» (Сагымбай Орозбаков, 4. 93) кийгизет. Манастын Аколпогун тигүүдө ал кандай гана акылын, күчүн, чеберчилигин жумшабаган:
Кан Манастын Аколпок, Тиштеп жатып Каныкей Кашка тиши жоюлган, Кара көзү оюлган Кокон менен Ташкенге Колу жетип турганда Анжыянды чалдырган Ак була жибек алдырган Арасына салдырган (Саякбай Каралаев, 2. 82).
Эпос Каныкейдин ишкердүүлүгүн, чыныгы жоокердик сапатын айгинелеп турат. Бул анын акылдуу кеңештеринде да, жекече эрдиктеринде да, согуш жабдыктарын камсыз кылууда да көзгө даана элестейт. Ошентип, кыргыз элинин басып өткөн татаал жолунда, жашоо үчүн болгон күрөшүндө, жалпы эле турмуш тиричилигинде жылкычылык жана жоокерчилик негизги кесиптерден болуп келген. Кыргыз эли көчмөн турмушта жашаса да эпосто көрүнүп тургандай, анын ишмердүүлүк чөйрөсү жалаң гана жылкычылык жана жоокерчилик менен чектелип калган эмес. Ал өзүнүн талыбаган эмгеги, умтулуулары менен материалдык жана рухий багыттарда, мезгилдин, адамдардын суроо-талаптарына, керектөөлөрүнө ылайык ишмердүүлүктүн көптөгөн түрлөрүн жараткан.
О. Исмаилов


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: