ЧЕЛЕК |
Жыгачтын ичин оюп, чакан челек да жасалат. Ага көркөм кештелерди түшүрүшөт. Мында кырмачылык ыкмасы колдонулат. Ал «бал челек», «май челек» деп аталат. Челектин капкагы болот. Куйган тамак-аштын даамын бузбай сактоодо муну кез-кез ыштап, мал майына кандыра майлап турат. |
челек |
|
челек |
2. диал. Чака. Жамал челекти алып, сууга кетти (Жантөшев). ♦Бал челек — атайын аарыларды багуу үчүн ылайыкталып, тактайдан жасалган ящик. Бал челектин бир тешиги болгондуктан, аарынын баары ошол жерден чыгып, ошол жерден кирет (Таштемиров). Сыя челек к. сыя. Башы челек болуу — 1) аябай уруудан башы-көзү шишип кетүү. Башы челек кан болду, Бүткөн бойдун баарысы Кыймылдагыс дал болду («Манас»); 2) өт. башы иштебей дал болуп калуу, башы дүңгүрөгөнсүп, ачык даана ой жүргүзө албай калуу. ЧЕЛЕК II: алек-челек — чакчелекей, будуң-чаң. Жумушчулар жүктөп, автомашиналар ташып, алек-челек болду да калды. («Чалкан»), |
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | челек |
Көптүк сан | челектер |
Жөндөлүшү - "челек"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | челек |
Илик Кимдин? Эмненин? | челектин |
Барыш Кимге? Эмнеге? | челекке |
Табыш Кимди? Эмнени? | челекти |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | челекте |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | челектен |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | челектер |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | челектердин |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | челектерге |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | челектерди |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | челектерде |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | челектерден |
Найти все переводы слова "челек" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "челек"?
Ввойти