АНТ — эч качан бузулбас, салттык ыйык убада-бүтүм, шерт, касам. А. жоокерчиликте, достукка бекем болууда, ар кандай жашыруун ишти аткарууда берилген. Байыркы кыргыздарда баатырлар элдин эркиндиги, намысы үчүн жоого каршы аттанарда жан аябаска, максатты орундатууга, шартты бузбоого ок тиштешип же кылычтын мизин өбүшүп А. беришкен. Магиялык касиети бар катары аксак. сары атты ортого коюп достошуу салты болгон. Эпосто Манас менен Алмамбеттин ортосундагы достуктун негизинде дал ошондой А-ташуу жатат. Бул мотив эпостун «Семетей» бөлүгүндө генеологиялык принципте Семетейдин энеси Каныкейдин эмчегин Күлчоро, Канчоро эмишип туугандашуусу (побратимство) аркылуу улантылат. Эпосто А-ташып достошуу салты башка көптөгөн каармандар ортосунда да жүрөт. Манаска келип кошулган баатырлардын бардыгы А. берип достошкондугу жөнүндө сөз болот. Алар «адам өлөөр шерт кылып, убаданы бек кылып» макулдашканда «төбөсү ачык көккө, төшү түктүү жерге», асмандагы ай, күнгө, караңгы түнгө жана өзүлөрү урунган жоо куралдарына сыйынышып А. беришкен. Мындай А-ты жеке оң каармандар эмес, терс каармандар да (мисалы, Манаска каршы кутум уюштурган алты кан, Семетейге каршы күрөшкөн Чынкожо менен Толтой, Канчоро менен Кыяс) өздөрүнүн чыккынчылык, жүзү каралык жашыруун иштерин жүргүзүү үчүн беришкен. Каармандардын бул түрдөгү эпикалык А-ынан алардын жомоктун чыгыш доорунда же андан мурун да, кийинчерээк да, көп кудайлуу диний ишенимде болгондугун жана сөздүн магиялык күчүнө ишенгендигин көрүүгө болот. Эпостогу баатырлар достошкондо салт боюнча боз бээ союп, канына колдорун матырып, «эгер арабыздан чыр-чатак чыгарсак, бузулушсак так ушул ак боз бээдей мууздалып калалы», же убаданы бузган ушул жаш чыбыктай кыркылсын дешип А. беришкен, «Манастагы» А. берүү салты ислам дининин талабына жараша «кудайга» сыйынууга багытталбастан, көбүнчө жаратылыш көрүнүштөрүнүн (Көккө, Айга, Күнгө, Жерге, тоого, сууга) жана жоокердик курал-жарактардын касиети менен байланышкан. Эпосто мусулман дининин таасири менен келеме шарип (куран) кармап А-ташуу да айрым варианттарда жолугат.
С. Алиев
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как АНТ
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
18Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 9 х 2? Ответ:
Отправить