Меню
Эл-Сөздүк

Өкүм

ӨКҮМ – соттолуучу адамдын күнөөлүү же күнөөсүздүгү жана ага карата жазанын колдонула же колдонулбай тургандыгы тууралуу соттун чыгарган чечими, КР соту Ө-дү КРдин атынан кабыл алат. Ө. мыйзамдуу, негиздүү жана акыйкат болууга тийиш. Эгер сотко сунуш кылынган далилдер баардык жагынан калыс иликтенген болсо, Ө. негиздүү деп таанылат. Ө. өзүнчө жайда сот тарабынан кабыл алынат. Ө. кабыл алынып жаткан маалда ошол ишке тийешеси бар сот курамы гана катыша алат. Башка адамдардын катышуусуна жол берилбейт. Ал айыптоо же актоо мүнөзүндө болот. Ө. кириш, сыпаттоо жана резолюция бөлүмдөрүнөн турат.

өкүм

I зат. Бир нерсеге карата чыгарылган кандайдыр бир иш боюнча аткарылышы милдеттүү болгон бүтүм, буйрук иретиндеги чечим, жыйынтык; иш каралгандан кийинки соттун чечими. Өзүм бүгүн жол чалам, Өкүмүм угуп отургун («Эр Табылды»). Кечээ күнү Мааты, Адыл, Жумаларга сот өкүмү болду (Жантөшев).
Өкүм сүрүү к. сүр III.
ӨКҮМ II сын. Өктөм, өткүр, жоош эмес, атырылган, курч. Өкүм болмок өзүңдөн, сылык болмоксөзүңдөн (макал).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санөкүм
Көптүк санөкүмдөр
Синонимдери
токтом
буйрук
Жөндөлүшү - "өкүм"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?өкүм
Илик Кимдин? Эмненин?өкүмдүн
Барыш Кимге? Эмнеге?өкүмгө
Табыш Кимди? Эмнени?өкүмдү
Жатыш Кимде? Эмнеде?өкүмдө
Чыгыш Кимде? Эмнеде?өкүмдөн
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?өкүмдөр
Илик Кимдердин? Эмнелердин?өкүмдөрдүн
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?өкүмдөргө
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?өкүмдөрдү
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?өкүмдөрдө
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?өкүмдөрдөн

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: