Найдены по другим направлениям
-
АЛАЧЫК
-
«Кан үйүнүн тардыгы, кара алачыгымдын кеңдиги» (макал). Боз үйдүн бир түрү, жупуну тигилиши. Анда кереге жайылбай, уукту жерге сайып, үзүгү жабылат. Муну «сайма алачык» деп да айтат. Боз үйдүн кичинеси бул алачык түндүк менен ууктан турат. Тактап айтканда, түндүктүн көзүнө өткөрүлгөн ууктун башын жерге саят. Уукту сайып бүткөндөн кийин, «тизгич» тизилет да, сыртынан үзүктү, түндүк жабуусун жабат. Анын эки этеги эшик жабуулук милдетти аткарат. Буга от жагылат.
2) Ит арка — алачыктын дагы бир түрү. Аны «сойломо» деп аташат. Убактылуу жашоо үчүн канат керегенин башын кайчылаштырып кошулат. Үстүнө кийиз салганда алды-арты ачык калат. Аны башка кийиз, таар менен жабат, буга от жагылбайт. Алачыктардын бул түрлөрүн жоокерчилик турмушта, же көчүп-конууда, ара жолдо шашылыш эле тиге коюшкан. Муну «Куш күйүткө» чыккандар, жылкычылар, койчулар, жатакчылар көп колдонушкан.
Алачык айрым жерлерде «кеп», «ак тигер», «тигертмек» деп да айтылат.
-
алачык
-
алачык, алачыгы, алачыкка
-
алачык
-
зат. Керегеси жок, сайылып жасалган жапыз боз үй, ар түрдүү нерселерден, мис., чөптөн, үстүн жаап жасалган калканч жай. Кан үйүнүн тардыгы, кара алачыгымдын кеңдиги (макал). Камыш алачык. Чөп алачык.
Склонение по падежам - "алачык"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
Именительный Кто?, Что? | алачык |
Родительный Чей? | алачыктын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | алачыкка |
Винительный Кого?, Что? | алачыкты |
Местный Где?, У кого? | алачыкта |
Исходный Где?, У кого? | алачыктан |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
Именительный Кто?, Что? | алачыктар |
Родительный Чьи? | алачыктардын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | алачыктарга |
Винительный Кого?, Что? | алачыктарды |
Местный Где?, У кого? | алачыктарда |
Исходный Откуда?, От кого? | алачыктардан |
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
алачык