-
Референдум
-
РЕФЕРЕНДУМ (лат. referendum – билдирилүүгө тийиш болгон нерсе) – демократиянын ажырагыс өтө маанилүү институту. Шайлоолордон айырмаланып, Р. тушунда талапкер же белгилүү бир кызмат ордуна талапкерлердин тизмеси эмес, Р-га коюлуп жаткан белгилүү бир маселе – мыйзам, мыйзам долбоору, конституция, конституцияга оңдоолор, тийешелүү мамлекеттин эларалык статусуна катышы бар маселелер, ички саясий маселелер анын объектиси болот. Плебисцит, т. а. калк жашаган аймактын саясий тагдыры тууралуу калктын өзүнөн сурамжылоо Р-дун өзгөчө таризи болуп саналат. Айрым өлкөлөрдө (Францияда) плебисцит Р-га караганда кыйла кенен түшүнүк катары эсептелет. КР мыйзамдары боюнча, Р. – мамлекет турмушундагы өтө маанилүү маселелер боюнча жарандардын мыйзамдарды жана башка чечимдерди кабыл алуу ыкмасы.
Найдены по другим направлениям
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | референдум |
Көптүк сан | референдумдар |
Жөндөлүшү - "референдум"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | референдум |
Илик Кимдин? Эмненин? | референдумдун |
Барыш Кимге? Эмнеге? | референдумга |
Табыш Кимди? Эмнени? | референдумду |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | референдумда |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | референдумдан |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | референдумдар |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | референдумдардын |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | референдумдарга |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | референдумдарды |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | референдумдарда |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | референдумдардан |
Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:
Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Референдум