Menu
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Прокурордун токтому

ПРОКУРОРДУН ТОКТОМУ – прокурордук көзөмөлгө алуу актысы; прокурор кызмат адамы же жаран тарабынан мыйзам бузуунун мүнөзүн эске алуу менен, кылмыш-жаза ишин козгоо же тартип жоопкерчилигин кароо жөнүндө жүйөлөнгөн токтом чыгарат. Прокурордун тартип жоопкерчилигин кароо жөнүндө токтому мамлекеттик орган, коомдук бирикме же кызмат адамы тарабынан КР мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө каралууга тийиш. Кароонун жыйынтыгы тууралуу прокурорго жазуу жүзүндө билдирилет. Токтомго андан ары даттануу анын аткарылуусун токтото албайт.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: