-
кол
-
кол (мүчө)
кол акы
кол ал-
кол алдында
кол алыш
кол ара
кол арага жароо
кол астында
кол-аяк
кол байла-
кол бакыр (фольк.)
кол бала
кол барбоо
кол башы
кол берүү
кол булга
кол-бут
колго ал-
колго алуу
колго түшүү
колдон алдыруу
колдон берүү
колдон келет кылуу
колдон келүү
колдон суурулуу
колдон талашуу
колдон уруктандыруу
колдон чыгаруу
колдон-колго
колду байлоо
колду кароо
колдун кириндей
колдун кычуусун кан дыруу
кол жазма
кол жалга-
кол жоолук
кол жуу-
кол ийрисине тартуу
кол кабыш
кол кайруу
кол кайтар-
кол кайыр-
кол канатуулар (зоол.)
кол кап
кол кармашуу
кол кароо
кол катык (камыр жөн.)
кол кашык
кол кесер
кол кой-
кол коюу
кол көтөр
кол куушур-
кол куушуруу
кол күрөк
кол күрөш
колмо-кол
кол өнөрчү
кол саат
кол сал-
кол салуучу
кол тамга
кол тийбес кор (экон.)
кол тийбес, кол тийгис
кол тийгиз-
колу ачык
колу-жолу бош
кол үз-
кол чабуу
кол чана
кол чынач
кол чап-
кол чатыр
кол шилтөө
-
кол
-
Iзат. 1. Адамдын эки ийнинен баштап манжаларынын учуна чейинки мүчөсү. Барпы эки колун аркасына алып, үй ичинде ары-бери басты (Байтемиров). [Алымбек].. мээлейден колдорун чыгарды (Сыдыкбеков). - 2. Малдын алдыңкы буту.
- 3. Беш манжа. Беш кол тең эмес (макал).
¨ Кол кабыш кылуу — жардам кылуу, көмөк көрсөтүү. Силерге ыраазымын. Колхозго чоң кол кабыш кылдыңар (Бейшеналиев). Кол салуу—1) уурдоо, бүлдүрүү. Ортолуктун малына кол салып, мен жинди болуптурмунбу? (Бейшеналиев); 2) уруш ачуу, качырып кирүү. Камап турган бул жоого Качырып кол саларбыз (Турусбеков). Колго салуу — талкууга коюу, добушка салуу. Колго салам. Жолдош Ормушту КПССтин мүчөлүгүнө өтсүн деген коммунисттер кол көтөрүшсүн (Байтемиров). Колунан көөрү төгүлгөн к. көөр. Колунан келүү — иштей алуу, кубаты жетүү, күчү келүү. Кол алдында болуу — бирөөнүн бийлигинде, бирөөнүн жетекчилигинде болуу. Кол жууп калуу — ажырап калуу, түгөтүп, жоготуп алуу. Ортон колдой к. ортон. Беш колдой — таамай, так, ачык. Бул ишти мен беш колдой эле билем («Чалкан»). Кол үзүү—1) байланышпай, катышпай калуу; ынтымагын жоготуу. Колуңду үзбө сен менден, Үмүтүм үзбөйм мен сенден («Манас»); 2) кол жууп калуу, ажыроо. Малдан колду үзгөмүн («Ала-Тоо»). Колу кыска — начар, жетишсиз; аргасыз, бийликсиз. Кол байлоо — жолтоолук, тоскоолдук кылуу; убактысын алуу, бошотпой коюу. Колго түшүү к. түш III. Кол өнөрчү — колу менен майда буюмдарды жасоочу уста. Колдон чыгаруу — 1) бүтүрүү, бир жаңсыл кылуу. Ишти биротоло колдон чыгардык («Жаш ленинчи»); 2) ажыроо, кол үзүп калуу. Кайран кишини бекер колдон чыгардым («Чалкан»). Кол кесер — мал сойгондо адамга берилүүчү эт. Куру кол калуу — эч нерсесиз калуу, куру жалак калуу. Куру кол кала турган болдук (Жантөшев). Колу түйүү—1) чолосу тийүү, убактысы болуу, колу бошоо; 2) уруп коюу, муштап жиберүү. Кол жалгоо — бирөөгө бир нерсени колу менен алып берүү. Кол коюу к. кой. Кол кайыруу же кол көтөрүү — көбүнчө өзүнөн улууларды чаап жиберүү, уруп коюу; жооп кылып уруп жиберүү. Каршылаша кеткенде Кол кайырбай ким чыдар («Манас»). Колмо-кол — колдон колго, накта. Кол бала — жашынан бирөөнүн колунда туруп калган балага же келинге айтылуучу сөз. Киши колдуу болуу — 1) киши колунан өлүм табуу; 2) уурдалуу. Кол кап — мээлей. Кол жоолук к. жоолук. Кол башындай — кичинекей, аз. Кол башындай ак баштык, Ал Төштүккө чак баштык («Эр Төштүк»). Колу бошоо — колу тийүү (1-мааниси менен бирдей). Колунда жок — жетишсиз, начар, оокатсыз. Энебиз жесир, колунда жок (Сыдыкбеков). Адилетсиз турмуш-ай, Өз колунда жок болсо, Бечаралык ушундай (Токтогул). Колунда бар — жетиштүү, оокаттуу, колу жетиштүү.
КОЛ IIзат. Кишилерден турган согуштук күч, аскер, кошуун. Жарактуу кол куралсын, аба (Турусбеков).
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | кол |
Множ. число | колдор |
Склонение по падежам - "кол"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | кол |
Родительный Чей? | колдун |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | колго |
Винительный Кого?, Что? | колду |
Местный Где?, У кого? | колдо |
Исходный Где?, У кого? | колдон |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | колдор |
Родительный Чьи? | колдордун |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | колдорго |
Винительный Кого?, Что? | колдорду |
Местный Где?, У кого? | колдордо |
Исходный Откуда?, От кого? | колдордон |
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Такое же слова на других языках:
Похожие слова на других языках:
RU
- кол (ru-kg)
- колба (ru-kg)
- колбаса (ru-kg)
- Колбасные изделия (ru-kg)
- колбасный (ru-kg)
- Колбнещуки (ru-kg)
- Колбнещуковые (ru-kg)
- Колбни илистые (ru-kg)
- Колбочки кишечнополостных (ru-kg)
- Колбочки сетчатки (ru-kg)
- Колготки (ru-kg)
- колдовать (ru-kg)
- колдовство (ru-kg)
- колдоговор (ru-kg)
- колдун (ru-kg)
- колдунья (ru-kg)
- колебание (ru-kg)
- колебание гармоническое (ru-kg)
- колебание главное (ru-kg)
- колебание затухающее (ru-kg)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
КОЛ