Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов: Талеихт
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - КОЛ
 

КОЛ

 
КОЛ — эпосто аскердик чакан отряддан баштап, аскердик зор бөлүктөргө чейинки түшүнүктү билдирет. К. көбүнчө жоокердик атчан ири бөлүктөрдү түшүндүрөт: Отуз түмөн орчун кол Он кишиче көрүнбөс, Жараткан өзүң жардам бол, Сапарга чыккан он миң кол (Сагымбай Орозбаков, 4. 101).

кол

 
кол (мүчө)
кол акы
кол ал-
кол алдында
кол алыш
кол ара
кол арага жароо
кол астында
кол-аяк
кол байла-
кол бакыр (фольк.)
кол бала
кол барбоо
кол башы
кол берүү
кол булга
кол-бут
колго ал-
колго алуу
колго түшүү
колдон алдыруу
колдон берүү
колдон келет кылуу
колдон келүү
колдон суурулуу
колдон талашуу
колдон уруктандыруу
колдон чыгаруу
колдон-колго
колду байлоо
колду кароо
колдун кириндей
колдун кычуусун кан дыруу
кол жазма
кол жалга-
кол жоолук
кол жуу-
кол ийрисине тартуу
кол кабыш
кол кайруу
кол кайтар-
кол кайыр-
кол канатуулар (зоол.)
кол кап
кол кармашуу
кол кароо
кол катык (камыр жөн.)
кол кашык
кол кесер
кол кой-
кол коюу
кол көтөр
кол куушур-
кол куушуруу
кол күрөк
кол күрөш
колмо-кол
кол өнөрчү
кол саат
кол сал-
кол салуучу
кол тамга
кол тийбес кор (экон.)
кол тийбес, кол тийгис
кол тийгиз-
колу ачык
колу-жолу бош
кол үз-
кол чабуу
кол чана
кол чынач
кол чап-
кол чатыр
кол шилтөө

кол

 
кол (кошуун)
кол башчы
кол кура-
колу-коңшу (коңшу- колоң) (диал.)

кол

 
Iзат. 1. Адамдын эки ийнинен баштап манжаларынын учуна чейинки мүчөсү. Барпы эки колун аркасына алып, үй ичинде ары-бери басты (Байтемиров). [Алымбек].. мээлейден колдорун чыгарды (Сыдыкбеков).
  1. 2.                  Малдын алдыңкы буту.
  2. 3.                  Беш манжа. Беш кол тең эмес (макал).

¨ Кол кабыш кылуу — жардам кылуу, көмөк көрсөтүү. Силерге ыраазымын. Колхозго чоң кол кабыш кылдыңар (Бейшеналиев). Кол салуу—1) уурдоо, бүлдүрүү. Ортолуктун малына кол салып, мен жинди болуптурмунбу? (Бейшеналиев); 2) уруш ачуу, качырып кирүү. Камап турган бул жоого Качырып кол саларбыз (Турусбеков). Колго салуу — талкууга коюу, добушка салуу. Колго салам. Жолдош Ормушту КПССтин мүчөлүгүнө өтсүн деген коммунисттер кол көтөрүшсүн (Байтемиров). Колунан көөрү төгүлгөн к. көөр. Колунан келүү — иштей алуу, кубаты жетүү, күчү келүү. Кол алдында болуу — бирөөнүн бийлигинде, бирөөнүн жетекчилигинде болуу. Кол жууп калуу — ажырап калуу, түгөтүп, жоготуп алуу. Ортон колдой к. ортон. Беш колдой — таамай, так, ачык. Бул ишти мен беш колдой эле билем («Чалкан»). Кол үзүү—1) байланышпай, катышпай калуу; ынтымагын жоготуу. Колуңду үзбө сен менден, Үмүтүм үзбөйм мен сенден («Манас»); 2) кол жууп калуу, ажыроо. Малдан колду үзгөмүн («Ала-Тоо»). Колу кыска — начар, жетишсиз; аргасыз, бийликсиз. Кол байлоо — жолтоолук, тоскоолдук кылуу; убактысын алуу, бошотпой коюу. Колго түшүү к. түш III. Кол өнөрчү — колу менен майда буюмдарды жасоочу уста. Колдон чыгаруу — 1) бүтүрүү, бир жаңсыл кылуу. Ишти биротоло колдон чыгардык («Жаш ленинчи»); 2) ажыроо, кол үзүп калуу. Кайран кишини бекер колдон чыгардым («Чалкан»). Кол кесер — мал сойгондо адамга берилүүчү эт. Куру кол калуу — эч нерсесиз калуу, куру жалак калуу. Куру кол кала турган болдук (Жантөшев). Колу түйүү—1) чолосу тийүү, убактысы болуу, колу бошоо; 2) уруп коюу, муштап жиберүү. Кол жалгоо — бирөөгө бир нерсени колу менен алып берүү. Кол коюу к. кой. Кол кайыруу же кол көтөрүү — көбүнчө өзүнөн улууларды чаап жиберүү, уруп коюу; жооп кылып уруп жиберүү. Каршылаша кеткенде Кол кайырбай ким чыдар («Манас»). Колмо-кол — колдон колго, накта. Кол бала — жашынан бирөөнүн колунда туруп калган балага же келинге айтылуучу сөз. Киши колдуу болуу — 1) киши колунан өлүм табуу; 2) уурдалуу. Кол кап — мээлей. Кол жоолук к. жоолук. Кол башындай — кичинекей, аз. Кол башындай ак баштык, Ал Төштүккө чак баштык («Эр Төштүк»). Колу бошоо — колу тийүү (1-мааниси менен бирдей). Колунда жок — жетишсиз, начар, оокатсыз. Энебиз жесир, колунда жок (Сыдыкбеков). Адилетсиз турмуш-ай, Өз колунда жок болсо, Бечаралык ушундай (Токтогул). Колунда бар — жетиштүү, оокаттуу, колу жетиштүү.
КОЛ IIзат. Кишилерден турган согуштук күч, аскер, кошуун. Жарактуу кол куралсын, аба (Турусбеков).
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числокол
Множ. числоколдор
Синонимы
муштум
желдет
Антонимы
бут
Связанные слова
колдо
алакан
билек
жең
манжа
Склонение по падежам - "кол"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?кол
Родительный Чей?колдун
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?колго
Винительный Кого?, Что?колду
Местный Где?, У кого?колдо
Исходный Где?, У кого?колдон
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?колдор
Родительный Чьи?колдордун
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?колдорго
Винительный Кого?, Что?колдорду
Местный Где?, У кого?колдордо
Исходный Откуда?, От кого?колдордон

Найти все переводы слова "КОЛ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "КОЛ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru