өзөк |
өзөгү караруу өзөгү күйүү өзөгү оору өзөгү терең безетки (мед.) өзөгүн үзө тартуу өзөгүн үзүү өзөк жалгоо өзөк сөз өзөктөгү өрт |
өзөк |
2. Өсүмдүктөрдүн жалбырак, гүл жана мөмө алуучу негизги бөлүгү, сабагы. Налгы кыйган өсүмдүк өзөктөрүнүн дүмүрлөрү учтарын соройтот (Сыдыкбеков). Өзөгү — бал, өзү — кант, Чөбү сонун Суусамыр (Барпы). 3. Ички тамак өтүүчү жолдор; ички бөлүк, ич. Кымыз өзөктү өрттөп баратат (Аалы). 4. Кандайдыр бир нерсенин ортосуна салынган нерсе же ортодогу бөлүгү. [Ашыр] бургунун өзөгүн.. катмарга житирди (Сасыкбаев). Кунан өгүз терисин Өзөк кылган булдурсун («Семетей»). 5. өт. Негиз, тамыр. Бул ырлардын өзөгүндө жаштын тунук романтикасы жатат («Ала-Тоо»). Бул жоболоңдуу, өзөгү күчтүү (Сасыкбаев). ♦ Өзөк жалгоо — бир нерсе шам-шум этип алуу, азыраак тамактануу. Ажар менен Каныбек аталадан ичип, өзөк жалгашты (Жантөшев). Өзөк караруу — аябай ачка болуу. Ажардын өзөгү карарды (Баялинов). |
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | өзөк |
Көптүк сан | өзөктөр |
Жөндөлүшү - "өзөк"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | өзөк |
Илик Кимдин? Эмненин? | өзөктүн |
Барыш Кимге? Эмнеге? | өзөккө |
Табыш Кимди? Эмнени? | өзөктү |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | өзөктө |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | өзөктөн |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | өзөктөр |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | өзөктөрдүн |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | өзөктөргө |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | өзөктөрдү |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | өзөктөрдө |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | өзөктөрдөн |
Найти все переводы слова "өзөк" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "өзөк"?
Ввойти