КҮМҮШ ЖАЛАТУУ |
Мурун ат жабдыктарынын бөлүктөрү (жүгөндү, көмөлдүрүктү, басмайылды, куюшканды, үзөңгүнү) көндү, жыгачты, мүйүздү жана башка буюмдарды шөкөттөөдө темирди торчолоп, ага күмүш жалатуу ыкмасы укмуштай өнүккөн. Кооздук түшүрүү — бул аялдар себине, ат жабдыктарына, салттуу жана азем буюмдарына темир чөгөрүү, ага күмүш жалатуу жана анын бетине көркөм оюм-чийим түшүрүү. Бул зергерчиликте «сынпостоо», «чегелөө», «шөкөттөө» деп аталат. Адегенде кара темирден шөкөт куюунун ар кандай көркөм калыптары болот. Темирди көөрүктө эритет да, өзүнүн калыбына куят. Сууп болгондон кийин аны кайыш бетине чабат. Эми накта күмүштү зым кылып чоет. Улам майда тешикчеден өткөрүп отуруп, зымдын ичкелиги аттын туу куйругундай болгондо албарстай курч балкасы менен алиги кайыш бетине чабылган куйма темирдин бетин торчолоп, күмүш зымды ошого жаткырат да, кичинекей бетине өзүнчө оюм түшүрүлгөн күмүш зымдар жалатылат. Усталар ушундай ыкмада кыз-келиндердин азем нускаларын, салттуу эмеректерин, ашкана буюмдарын шөкөттөй алышкан. |
Найти все переводы слова "КҮМҮШ ЖАЛАТУУ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "КҮМҮШ ЖАЛАТУУ"?
Ввойти