Menü
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Өкүлчүлүктүү бийлик

ӨКҮЛЧҮЛҮКТҮҮ БИЙЛИК – эл (анын бир бөлүгү) тарабынан атайын жамааттык мекемеге (парламентке, муниципалдык кеңешке) бириккен өзүнүн шайлануучу өкүлдөрүнө так аныкталган мөөнөткө берилген ыйгарым укуктардын жыйындысы, ошондой эле бийликтин өзүнүн өкүлчүлүктүү органдарынын жыйындысы. «Ө. б.» түшүнүгү функционалдык милдеттерди эле эмес, бийликтин табияты, аны ишке ашыруу ыкмасын да мүнөздөйт. Ө. б-ти мыйзам чыгаруу бийлиги менен бирдей кароого болбойт, анткени, баардык эле Ө. б. өзүнө мыйзам чыгаруу ыйгарым укуктарын камтый бербейт (алсак, Ө. б-ти ишке ашыруучу муниципалдык кеңештер мыйзам кабыл ала алышпайт) жана тескерисинче, баардык эле Ө. б. органы тарабынан мыйзам чыгаруу бийлиги ишке ашырыла бербейт (м.: чексиз монархтын бийлиги). Мындан сырткары, Ө. б. ченем чыгаруучулуктан башка көзөмөлдүк, ал эми кээде тескөөчүлүк жана башка ыйгарым укуктарды да камтыйт. Ө. б-тин мүнөзү көбүнесе өкүлчүлүктүн түрү (принциби) менен аныкталат. Конституциялык укук илиминде аксөөктүк, улуттук (элдик), корпоративдик, конфессионалдык, аймактык жана этностук өкүлчүлүктөр болуп бөлүнөт.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: