Menü
Эл-Сөздүк

ий

ий (ийленген абал), ийи
ийи жетүү

ий

ий (сырд.)
ий, ботом!

ий-

ий- (жыгачты), иет,
ийүү

ий-

ий- (жиби-), ийийт,
ийүү
ийге келтирүү
ийине жеткирүү
ийи майда

ий

I зат. Бир нерсенин (мис., теринин) абдан жумшартылган, ушаланган, жумшартылып ийленген абалы. Ийи чала калат деп, алым салып ийлетип («Манас»).
¨ Ийге келүү же ийге көнүү — сөзгө келүү, жоошуу, ыкка көнүү. Ийин чыгара иштөө — иштин маңызын чыгара иштөө.
ИЙ II сырд. Нааразылыкты, өкүттө калгандыкты, таң калууну, уялып кеткендикти ж. б. билдирүүдө колдонулат. Ий , баягы бөлөм турбайбы (Жантөшев). Ай-ийАй-ий, чоң эне, ушул бороон дегенди кантсек-айдеп, [Динар] чоң энесин беймаза кылат (Сыдыкбеков).
ИЙ III этиш. Солкулдак же серпилгич нерсени, катуу нерсени кайруу, майыштыруу Темирди ие кармаган комсомолдорго ыракмат (Сыдыкбеков). Бул жыгач шагын иет (Сыдыкбеков).
¨ Баш ийүү — моюн сунуу; багынуу. Бастырлык кылган киши баш ийип, бирөөгө ыйлаган уят (Жантөшев).
ИЙ IV этиш. 1. Ийигүү, жумшоо, жибүү, ак көңүлү кармоо, көңүлдөнүү. Эмгек кылган кишиге көңүлүңдү ийгенсиң (Үмөталиев).
2. Сүт чыгуу, агуу (мис., эмчектен). Ар жагында сүт ийип, Араң турат төгүлбөй (Үмөталиев).
ИЙ V этиш. Негизги этиштен кийин колдонулуучу көмөкчү этиш. Тура калып Айганыш, ыйлап ийди тыбырап (Жантөшев). Элеманды ал кемпир соруп ие таштады («Эр Төштүк»).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: