ДИАЛОГ |
-Айланайын каралдым, Алды-артыңды карагын, Кызырлуу кыргыз элиң жок, Азыр кыйындык кылар эбиң жок. Жүргүн, кайра жөнөйлү, Калмактарды көрөлү, Кантээр экен капырлар, Кааласа кунун берели. Бала Манас кеп айтат: -Ай, атаке, деп айтат, Курулай корктуң тегеле, Кун дегениң эмине? Анда Жакып кеп айтат: -Кун деп санап мал алат, Ал малына көнбөсөң Бу курган кыргыз таланат. Айбына санап мал алат, Айтканына көнбөсөң Аз кыргыз мында таланат. Акырында кулунум, Өлтүрбөй койбойт өзүңдү, Ойбой койбойт көзүңдү, Аңдап бил айткан сөзүмдү. Баласы Манас кеп айтат: -Ай, атаке, деп айтат, Абалында кол салып, Сизди келип камалап Урган калмак турбайбы. Жалгыз чака пул берсем Мени кудай урбайбы... (Сагымбай Орозбаков, 1. 132—134). Бул Д-до Жакыптын баласы Манас менен сүйлөшкөн сөзүндө атасынын турмушту көрүп калган, калмактан кагуу жеп, күнкор болуп, кун берип, биротоло жер карама болуп багынган киши экендиги айкындалса, экинчисин мындай жагдай канааттандырбастыгы, атасычылап коркуп отурбастыгы, күнкор болуп жашаганча өлгөндү артык деп эсептегендиги көрүнөт. Д. эпостун бардык варианттарында жолугат. Мисалы, Алмамбет менен Чубактын жол талашып чатакташуусундагы экөөнүн Д-унда Алмамбеттин ата-теги, кытайдан кетишинин себептери, Таласта жүргөндө эле Чубактын Алмамбеттен чалгынга ала кет деп суранып жүргөнү жана башкалар айтылат (Саякбай Каралаев, 2. 91—94). А. Муратов, Б. Кыдырбаева |
диалог |
|
диалог |
|
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | диалог |
Множ. число | диалогдор |
Склонение по падежам - "диалог"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | диалог |
Родительный Чей? | диалогдун |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | диалогго |
Винительный Кого?, Что? | диалогду |
Местный Где?, У кого? | диалогдо |
Исходный Где?, У кого? | диалогдон |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | диалогдор |
Родительный Чьи? | диалогдордун |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | диалогдорго |
Винительный Кого?, Что? | диалогдорду |
Местный Где?, У кого? | диалогдордо |
Исходный Откуда?, От кого? | диалогдордон |
Найти все переводы слова "диалог" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "диалог"?
Ввойти