Меню
Эл-Сөздүк

ДИАЛОГ

ДИАЛОГ, диалогдук речь — көркөм чыгармада каармандардын (көбүнчө экөөнүн) бири-бири менен өз ара сүйлөшүүсү; речтик байланыштын эки тараптуу карым-катнашка негизделген тиби. Эпосто каармандардын сүйлөшүүлөрү, бири менен экинчисинин пикирлешүүсү көп учураса да, ал азыркы жазма адабияттын эпикалык, драмалык чыгармаларындагыдай ачык, даана көрүнбөйт. Деги эле төкмөчүлүк өнөрүндө Д. азыраак колдонулган. Ал эми «Манас» аткарылып жатканда каармандардын сүйлөшүүлөрүнө манасчылар «кийлигишип», көп убакта алардын тике сөздөрүн чыгарманын окуяларын, элге жеткирүүдө өздөрүнүн сөзүнө өткөрүп кыйыр сөз түрүндө берет. «Манас» эпосунда Д-дор төмөнкүдөй милдеттерди аткарат: 1) эки кишинин сүйлөшүүсүндө окуялардын жүрүшү, сюжеттин андан нары өсүп-өнүгүшү белгилүү болот; 2) сүйлөгөн сөздөрү аркылуу ошол каармандардын образы ачылат; 3) сүйлөшкөн тараптардын ар биринин өзүнө таандык речи, иш-аракети, түшүнүгү, бул же тигил көрүнүшкө, окуяга карата позициясы айкындалат; 4) чыгарманын жалпы интонациясына өзгөртүү киргизилет. Жакып менен Манастын Д-унда:
-Айланайын каралдым,
Алды-артыңды карагын,
Кызырлуу кыргыз элиң жок,
Азыр кыйындык кылар эбиң жок.
Жүргүн, кайра жөнөйлү,
Калмактарды көрөлү,
Кантээр экен капырлар,
Кааласа кунун берели.
Бала Манас кеп айтат:
-Ай, атаке, деп айтат,
Курулай корктуң тегеле,
Кун дегениң эмине?
Анда Жакып кеп айтат:
-Кун деп санап мал алат,
Ал малына көнбөсөң
Бу курган кыргыз таланат.
Айбына санап мал алат,
Айтканына көнбөсөң
Аз кыргыз мында таланат.
Акырында кулунум,
Өлтүрбөй койбойт өзүңдү,
Ойбой койбойт көзүңдү,
Аңдап бил айткан сөзүмдү.
Баласы Манас кеп айтат:
-Ай, атаке, деп айтат,
Абалында кол салып,
Сизди келип камалап
Урган калмак турбайбы.
Жалгыз чака пул берсем
Мени кудай урбайбы... (Сагымбай Орозбаков, 1. 132—134).

Бул Д-до Жакыптын баласы Манас менен сүйлөшкөн сөзүндө атасынын турмушту көрүп калган, калмактан кагуу жеп, күнкор болуп, кун берип, биротоло жер карама болуп багынган киши экендиги айкындалса, экинчисин мындай жагдай канааттандырбастыгы, атасычылап коркуп отурбастыгы, күнкор болуп жашаганча өлгөндү артык деп эсептегендиги көрүнөт. Д. эпостун бардык варианттарында жолугат. Мисалы, Алмамбет менен Чубактын жол талашып чатакташуусундагы экөөнүн Д-унда Алмамбеттин ата-теги, кытайдан кетишинин себептери, Таласта жүргөндө эле Чубактын Алмамбеттен чалгынга ала кет деп суранып жүргөнү жана башкалар айтылат (Саякбай Каралаев, 2. 91—94).
А. Муратов, Б. Кыдырбаева

диалог

диалог, диалогго, диалогду

диалог

зат. Эки же бир нече кишинин өз ара сүйлөшүүсү, аңгемеси; ушундай формада жазылган адабий чыгарма.
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик сандиалог
Көптүк сандиалогдор
Жөндөлүшү - "диалог"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?диалог
Илик Кимдин? Эмненин?диалогдун
Барыш Кимге? Эмнеге?диалогго
Табыш Кимди? Эмнени?диалогду
Жатыш Кимде? Эмнеде?диалогдо
Чыгыш Кимде? Эмнеде?диалогдон
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?диалогдор
Илик Кимдердин? Эмнелердин?диалогдордун
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?диалогдорго
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?диалогдорду
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?диалогдордо
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?диалогдордон

Котормолордун мисалдары: диалог

Кыргызча Орусча
«Исфана-2012 жумуш жарманкеси» - жумуш берүүчүлөр менен жаштардын жана жумуш издөөчүүлөрдүн ортосунда түздөн-түз диалог түзүүгө мүмкүчүнлүк түзгөн форум. Ал ошондой эле Исфана шаарынын жаш адистери жана жумуш издегендер үчүн жумушка орношуунун мүмкүнчүлүг Ярмарка вакансий Исфана - 2012 представляет собой форум, который будет предоставлять возможности для прямого диалога между работодателями и лиц, ищущих работу, а также в качестве эффективного и практичный способ улучшения возможностей трудоустройства моло

Котормолордун мисалдары: диалог

Кыргызча Англисче
«Исфана-2012 жумуш жарманкеси» - жумуш берүүчүлөр менен жаштардын жана жумуш издөөчүүлөрдүн ортосунда түздөн-түз диалог түзүүгө мүмкүчүнлүк түзгөн форум. Ал ошондой эле Исфана шаарынын жаш адистери жана жумуш издегендер үчүн жумушка орношуунун мүмкүнчүлүг Job Fair Isfana – 2012 is a forum that will provide opportunities for direct dialogue between employers and job-seekers, as well as an effective and practical way to improve the employability of young professionals and the unemployed of Isfana.

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)


Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:

RU


Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: