ТҮЗГҮНДӨӨ |
Өрүм бир нече тиликтерден куралып, ал биригип, өзүнчө буюм жаратат. Буга темир шөкөт чабуу кандайдыр бекердей туюлат. Анда биринчиден, шөкөттөр өрүмгө жакшы кармалбайт; экинчиден, ошол шөкөттөрдүн чабылган жери өрүмгө туура келбей, тилик (тал) кайыш үзүлүп калышы ыктымал; үчүнчүдөн, өрүмдүн ичинен өрүм чыгып, кайталана берсе, ал кооздук, өнөр, чыгарма катары каралат. Эми ага дайыны жок эле бирдемелерди чаба берүүбүз көркөмдүктүн наркын төмөндөтөт. Эгер күмүш болсо, ага «зооткер» түшүрсөк, анда буюм үчүн түбөлүктүү кооздук жаралат. Темир шөкөттөрү кайык ыкмаларына гана кынаптап чапса, ойдогудай кармай алат. Эгер өрүмгө биз сөзсүз кооздук түшүргүбүз келсе, өрүмгө кара булгаары бастырса, жарашат. Кайыкчылыкта да кара кайышка ак кайыштан «тап бердирип», шөкөт ордун көркөмдөгөндөр бар. |
Найти все переводы слова "ТҮЗГҮНДӨӨ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "ТҮЗГҮНДӨӨ"?
Ввойти