ТОН |
Тон — өңдөлгөн (бордолгон) тон, ышкын түп жапкан тон (боелгон) тон делинет. Карыяларыбыз көөлбүп кие турган тондун жакалык көрпөсүнүн жүнүнүн узундугу эки-үч элидей болот да, адатта, тармал кара көрпөдөн салынышы нарктуу көрүнөт. Анын өңүрү жана этек-жеңинин жүнү кыска кара көрпөдөн болот. Кара кыжымыдан, чий баркуттан эни карыштай жана андан жазыраак көбөө коюлат. Тондун этек-жеңинин, өңүрүнүн көрпөсүнүн жүнү жайкалып чыгып турат. Тон топчуланбайт. Кол башы менен түрлөнүп чалынган, топ чачыланган боо аркылуу байланат. Күмүш сакалдарын жайкалтып, каалгый кийген мындай сырт кийимдин ичи да кара көрпөдөн болушу тийиш. Тондук тери боедон өткөндөн кийин аны кийген чакта куучуйуп тарып кетпеши үчүн керип-чоюп, колдо ийлеп, булуң-бурчтарын керип тырмактап бычкан. «Жымырата тиктирген, Жылаан боор бүктүргөн» (Калык). Тигишин жаткызыш үчүн тиштеткен. Жоого каршы аттанганда кийүүчү тонду «туулга тон», «чарайна тон» деп аташкан. Кийинчерээк уздар бүйүрмө тон да тигишкен. Анын этеги жайылып кенен, бели беш-он жеринен бүйрүлүп, көкүрөк тарабы денеге чакталып бычылат. Анын көбөөлөрүнүн эни эки элидей келет да, жүнү кыска ак, кара көрпөдөн болот. Мында көбөө кийимдин этек-жеңинен, өңүрүнөн сырткары төштүн эки жагына да бастырылат. Бүйүрмө тондун жакасы пальтонукундай болот да, буга көбүнчө темир илгич коюлат. Антип көбөөлөнбөй, бүйүрмөлөнбөй эле жакалуу же жакасыз этек-жеңи кенен тондор да тигилет. Тонду тигүүдө жана кийип жүрүүдө да аймактык айырмачылыктар көрүнүп турат. |
тон |
тонун чечип алмак беле тон бычуу тон-тобур |
тон |
|
тон |
|
тон |
2. Жалпы эле сырткы кийим. Торко тон менен жайкалып, Байбиче жолго салыптыр («Манас»). Камка тонун Каныштын Башына чүмкөй жамынды («Мендирман»). 3. Баланы азыктандыруу жана зат алмаштыруу үчүн, боюнда бар аялдын жатынынын ичине жаралуучу орган. Айша Алымды төрөп тону түшпөй каза тапты (Жантөшев). ТОН II зат. Музыкалык үн. |
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | тон |
Множ. число | тондор |
Склонение по падежам - "тон"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | тон |
Родительный Чей? | тондун |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | тонго |
Винительный Кого?, Что? | тонду |
Местный Где?, У кого? | тондо |
Исходный Где?, У кого? | тондон |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | тондор |
Родительный Чьи? | тондордун |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | тондорго |
Винительный Кого?, Что? | тондорду |
Местный Где?, У кого? | тондордо |
Исходный Откуда?, От кого? | тондордон |
Найти все переводы слова "ТОН" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "ТОН"?
Ввойти
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
ТОН