Menü
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Орундуу тобокелдик

ОРУНДУУ ТОБОКЕЛДИК – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча кылмыш жосунуна жаткырбай турган жагдай. Коомчулукка пайдалуу максатка жетүү үчүн укуктук жактан корголгон кызыкчылыкка зыян келтирүү кылмыш катары саналбайт. Эгер жасалган аракет азыркы илимий-техникалык жетишкендиктер менен тажырыйбага ылайык келип, ал эми алдыга коюлган максат тобокел менен байланышкан аракетсиз ишке ашууга мүмкүн болбосо жана тобокелге барган жак укуктук жактан корголгон кызыкчылыкты зыянга учуратпоо үчүн колдон келген чаралардын баарын көргөн болсо, тобокел негиздүү деп табылат. Эгер анын адамдардын өлүмү, экологиялык кырсык же дагы башка оор кесепеттер менен коштоло тургандыгы алдынала белгилүү болсо, тобокел негизсиз деп табылат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: