Menü
Эл-Сөздүк

Жагымдуу айлана-чөйрөгө укук

ЖАГЫМДУУ АЙЛАНА-ЧӨЙРӨГӨ УКУК – экологиялык укуктардын катарына кирген, адамдын негизги конституциялык укуктарынын бири. Конституциялаштыруу мезгили боюнча алганда эң кийинки «муунга» кирет. Биринчи жолу 1978-жылы Испаниянын Конституциясында жарыяланган. Ж. а-ч. у. баардык жеке жана юридикалык жактардын, ошондой эле мамлекеттик органдардын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мүмкүн болгон баардык чараларды көрүүгө милдеттүүлүгүн билдирет. КР Конституциясы аны башка экологиялык укуктар: айлана-чөйрөнүн абалы жөнүндө туура маалымат алууга укук, экологиялык укук бузуунун натыйжасында адамдын ден-соолугуна же мүлкүнө келген зыянды төлөтүп алууга укук менен да бекемдеген.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: