Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - ЖАМБЫ
 

ЖАМБЫ

 
«Алты миң жамбы, миң кундуз, Алым алып турганы» («Манас»). Бул — элдик зергерчиликте колдонулуучу уютулган накта күмүш. Жамбы илгери соода-сатыкта ар кандай салмакта уютулуп, кадимки акча катары наркка өткөн. Ал «тай туяк жамбы», «бөйрөк жамбы», «төө көз жамбы», «уй көз жамбы», «чүчпара жамбы», «шаңшур жамбы» деп көлөмүнө жана түспөлүнө карата бир нечеге бөлүнгөн. Жамбыны темир бетине жалатып, ага оюм түшүрүүдө гана баркы-наркы артылган.
      Илгери табигый алтын-күмүш да «жамбы» деген. Жалаң жамбы урунууга анча нап бербей, бара-бара жешилип, жоюлуп, жок болуп кетет. Ошондуктан, аны зергерлер «тёмирдин боегу» дейт да, темир бетине жалатышуу аркылуу баасын көтөрүшөт.

ЖАМБЫ

 
ЖАМБЫ (кытай сөзү юань — уюткан, бао — баалуу) — койдун, жылкынын жана башкалар малдын туягынын формасындагы ар түрдүү көлөмдө жана ар кандай салмакта уютулган күмүш. Ж. Кытай мамлекети тарабынан көчмөн элдер менен соода жүргүзүү үчүн киргизилген. Цин империясы чыгыш Түркстанды (Синьцзян) басып алгандан кийин (18-кылымдын экинчи жарымы) Ж. жергиликтүү жана Орто Азия элдерине да тарала баштаган. «Манас» эпосунда Ж. негизинен жогорудагы эле мааниде айтылат. Бирок эпосто Ж-ны алтындан куюлган деп да айтат: «Көкөтөй жыйган пул экен, Жүргөн алтын бир жамбы. Жүз адамдын куну экен» (Сагымбай Орозбаков, 3. 163—164). Эпосто Ж-нын кээ бир түрлөрү өз алдынча учурайт. «Бөйрөк жамбым бөтөн бар Тай туягым бирөө бар Чыныгы жамбым үчөө бар» (Радлов жазып алган вариант, 148). Соода иши менен катар Ж. кыргыздардын турмушунда да, ошондой эле «Манас» эпосунда көбүнчө жамбы атууда колдонулган, к. Жамбы атуу.

жамбы

 
жамбы
жамбы ат-

жамбы

 
зат. Ар түрдүү формада жана ар кандай салмакта уютулган, илгерки заманда акча ордуна жүргөн күмүш. Бөйрөк жамбы. Туяк жамбы. Байбиче, эми көп таарынбай сандыгыңан бир жамбы алып чыкчы (Турусбеков). Көкөтөйдүн көнөктөй болгон чоң жамбы, Манаска тартуу бергени («Манас»).
¨ Жамбы атуу — бийик илип коюлган жамбыны атып түшүрүүчү байгенин бир түрү. Мергендер жамбы атышат (Сыдыкбеков). Ок-дарыны калың ал, Ашта жамбы атабыз («Эр Табылды»).

Найти все переводы слова "ЖАМБЫ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "ЖАМБЫ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru