Menü
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Алгачтергөө органдары

АЛГАЧТЕРГӨӨ ОРГАНДАРЫ – адепки тергөө түрүндө алдынала тергөөлөрдү жүргүзүүгө укуктуу мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары. КРде: 1) ички иштер органдары; 2) түзөтүү мекемелеринин жана тергөө кызматтарынын начальниктери; 3) аскер бөлүктөрүнүн, бирикмелеринин командирлери жана аскер мекемелеринин начальниктери; 4) улуттук коопсуздук органдары; 5) КР баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча органдары; 6) чегара бөлүктөрүнүн командирлери; 7) алыскы аймактардагы кыштоолордун, геологиялык чалгындоо партияларынын, экспедицияларынын начальниктери; 8) бажы органдары; 9) каржы полиция органдары А. о. болуп саналышат. А. о. өз иш-милдеттеринин чектеринде кылмыш иштери жасалганы жөнүндө билдирүүлөрдү, арыздарды каттоону камсыз кылышат; окуянын издерин сактоо боюнча чараларды көрүшөт; кылмыштарды болтурбоо үчүн ыкчам иликтөө, ошондой эле кылмыш жасаган адамдардын тобу боюнча чараларды көрүшөт, өз укук милдеттеринин четеринде иш жүргүзүүчү прокурорго жана тергөөчүгө алар талап кылган маалыматтарды жана материалдарды берет; прокурордун жана тергөөчүнүн тапшырмаларын аткарууну, анын ичинде айрым бир тергөө аракетерин жүргүзүү боюнча тапшырмаларды аткарууну жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышкан жабырлануучуларды, күбөөлөрдү жана башкаларды коргоо чараларын көрөт; соттун тапшырмаларын аткарат; прокурор, тергөөчү, сот тарабынан айыпталуучуга карата кабыл алынган чектөө чараларынын аткарылышын көзөмөлдөөнү, камакка алуудан башка чектөө чарасын ишке ашырат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: