Menü
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Алакалашуу принциби

АЛАКАЛАШУУ ПРИНЦИБИ – мамлекеттердин эгемендүүлүк теңдиктеринин кыйла жалпы принциби келип чыгуучу эларалык укук принциптеринин бири. А. п-не ылайык эларалык келишимдер тең укуктуулуктун жана өзара пайдалардын жана милдеттердин негизинде түзүлүүгө тийиш. Эларалык жеке А. п. чет элдик жарандарга (юридикалык жактарга) тийиштүү өлкөлөрдөгү өзүнүн жарандары (юридикалык жактары) ошондой укуктар менен жеңилдиктерден пайдаланышкан шарттарда ушул өлкөдө белгилүү укуктарды жана жеңилдиктерди берүүнү билдирет. Мындай өзара мамилелер өзара укуктар так көрсөтүлгөн, болбосо жергиликтүү мыйзамдардан келип чыккан берилүүчү укуктардын баарын камтыган ички мыйзамдардын же эларалык келишимдердин негизинде орнотулушу мүмкүн.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: