зат.1. Адамдар тура турган турак жай. Ак үй салган адамга Акиташ менен бор кызык (Осмонкул). Сабыр сабакты начар өздөштүргөн балдардын үйлөрүнө кирип жүрдү (Сыдыкбеков). Кебек карыя менен коштошкондон кийин, Андрей үйүнө чейин ойлонуп барды (Байтемиров).
2. Имарат. Станциянын жаңы үйлөрү тоодон ашып тийген күндүн нуруна бөлөндү (Сасыкбаев).
3. Ар түрдүү коомдук керектөөлөрдү тейлөөчү жай, мекеме. Дем алуу үйү. Окуу үйү. Төрөт үйү. Маданият үйү. ♦Бозүй — айрым көчмөн элдердин кийизден жасалган (адатта конус формасындагы) үйү. Көйкөлүп мелт-мелт этет жайык бети, Көрсөтүп чоң боз үйдү берки четки (Осмонов). Сонун жасалгалуу боз үй (Жантөшев). Тамүй — дубалдары топурактан согулган же кирпичтен тургузулган үй. Көшөгө ачылганда Пармандын жаңы салынган татынакай там үйүнүн ичи көрүнөт(Бөкөнбаев). Жолумүй — малчылар тигүүчү жеңил үй; түндүккө ууктар гана сайылып, кийиз жабылган кичинекей алачык. Кош баш тиккен жолум үй, От чыгып жылт-жылт тешиктен («Эр Табылды»). Жолум үйдөй көбүктү, Жол четине чачтырып («Семетей»).Жерүй — жерден казып жасалган үй (кээ бир учурларда үстү жагына бир аз кошумча дубал көтөрүлүп коюлат).Кызылүйк.кызыл.Үй-жай — турак жай, үй жана ага тиешелүү мүлк. Үй-жай куруп, бала-чакалуу болушуп өмүр сүрүшөт (Жантөшев).Үйбетинкөрбөө — үйүндө болбоо, көбүнчө сыртта, үйдөн сырткаары жакта болуу, сыртта жүрүү.Үйкөтөрүү — 1) жаңы үй (боз үй) жасоо;
2) белгилүү бир максатка ылайык (мис., келген коноктор үчүн) үй тигүү.
ҮЙIIэтиш.Бир жерге жыюу, жыйноо, дөбөлөп чогултуу, үймөктөө. Алты кырдын үймөгүн, Жалгыз үйөт, кыздар ай(Осмонов).Аппак-аппак пахтаны, Ар жерге үйгөн көбөйтүп(Нуркамал).
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как үй
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
1Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 2 - 1? Ответ:
Отправить