Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - үй
  • үй
  • Үй банкинги
  • үй башы
  • үй бетин көрбөө
  • Үй жандыктары
  • Үй жумушчусу
  • ҮЙ ЖЫГАЧТАРЫНЫН ЖЕРДИГИ Элдик
  • ҮЙ ЖЫГАЧЫН КАРМООНУН НЕГИЗГИ Ы
  • үй камак
  • үй көтөрүү
  • үй күчүк
  • Үй чарбасы
  • үй чычкан
  • Үй ээликтери
  • Үй ээси
  • үй-бүлө
  • үй-жай
  • үй-жайлуу
  • үй-тиричилик
  • Үйбүлө
 

үй

 
зат. 1. Адамдар тура турган турак жай. Ак үй салган адамга Акиташ менен бор кызык (Осмонкул). Сабыр сабакты начар өздөштүргөн балдардын үйлөрүнө кирип жүрдү (Сыдыкбеков). Кебек карыя менен коштошкондон кийин, Андрей үйүнө чейин ойлонуп барды (Байтемиров).
2. Имарат. Станциянын жаңы үйлөрү тоодон ашып тийген күндүн нуруна бөлөндү (Сасыкбаев).
3. Ар түрдүү коомдук керектөөлөрдү тейлөөчү жай, мекеме. Дем алуу үйү. Окуу үйү. Төрөт үйү. Маданият үйү.
Боз үй — айрым көчмөн элдердин кийизден жасалган (адатта конус формасындагы) үйү. Көйкөлүп мелт-мелт этет жайык бети, Көрсөтүп чоң боз үйдү берки четки (Осмонов). Сонун жасалгалуу боз үй (Жантөшев). Там үй — дубалдары топурактан согулган же кирпичтен тургузулган үй. Көшөгө ачылганда Пармандын жаңы салынган татынакай там үйүнүн ичи көрүнөт (Бөкөнбаев). Жолум үй — малчылар тигүүчү жеңил үй; түндүккө ууктар гана сайылып, кийиз жабылган кичинекей алачык. Кош баш тиккен жолум үй, От чыгып жылт-жылт тешиктен («Эр Табылды»). Жолум үйдөй көбүктү, Жол четине чачтырып («Семетей»). Жер үй — жерден казып жасалган үй (кээ бир учурларда үстү жагына бир аз кошумча дубал көтөрүлүп коюлат). Кызыл үй к. кызыл. Үй-жай — турак жай, үй жана ага тиешелүү мүлк. Үй-жай куруп, бала-чакалуу болушуп өмүр сүрүшөт (Жантөшев). Үй бетин көрбөөүйүндө болбоо, көбүнчө сыртта, үйдөн сырткаары жакта болуу, сыртта жүрүү. Үй көтөрүү1) жаңы үй (боз үй) жасоо;
2) белгилүү бир максатка ылайык (мис., келген коноктор үчүн) үй тигүү.
ҮЙ II этиш. Бир жерге жыюу, жыйноо, дөбөлөп чогултуу, үймөктөө. Алты кырдын үймөгүн, Жалгыз үйөт, кыздар ай (Осмонов). Аппак-аппак пахтаны, Ар жерге үйгөн көбөйтүп (Нуркамал).
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числоүй
Множ. числоүйлөр
Склонение по падежам - "үй"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?үй
Родительный Чей?үйдүн
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?үйгө
Винительный Кого?, Что?үйдү
Местный Где?, У кого?үйдө
Исходный Где?, У кого?үйдөн
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?үйлөр
Родительный Чьи?үйлөрдүн
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?үйлөргө
Винительный Кого?, Что?үйлөрдү
Местный Где?, У кого?үйлөрдө
Исходный Откуда?, От кого?үйлөрдөн

Получить все переводы слова - "үй" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "үй" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "үй"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru