Меню
Эл-Сөздүк

ҮШКҮ

жыгач усталардын негизги аспабы. Чеберлер буга жумуру жыгач саптайт. Учу миздүү болот. Муну менен уук баштарын, кереге көздөрүн көзөйт. Кобул салгычтын төрт-алты тиши бар. Алардын аралыгы үч мм ге барабар. Кичине үшкү төрт тиштүү, чоң үшкү алты тиштүү болот. Чебер үшкүнү өзүн карай тартып, жыгачка «тап» (кобул) түшүрөт. Кереге жел көзбү, же тор көзбү, ошого ылайыктап, бардык өлчөмдөрү бирдей болгондой кылып, чен жыгач жасалат. Мына ошол аркылуу керегени башынан аягына чейин көзөлүүчү жерине так (темгил) түшүрөт.
      Үшкүнүн жумушчу бөлүгү жаанын жебесинин учу түспөлдүү келет. Ал өтө курч, шиштүү болот. Анын сабы алты-сегиз кырдуу, буроонун (гайканын) түспөлүн берет. Мына ошого кайыш оролот. Үшкү жерге кагылган эки жыгачка орнотулат. Кайыштын эки учунан кармап туруп, алмак-салмак кое берип тартуу менен үшкү кыймылга келип айланат. Мында чебер өзү үшкүлөйт. Жардамчысы темгил түшкөн жерин үшкүгө кармап берет.
      Азыр чеберлер үшкү ордуна бургу (сверло), матоо ордуна пресстөөчү станокторду пайдаланышат.

үшкү

зат. Көзөө, тешүү үчүн колдонулуучу аспап. Керегенин көзүн үшкү менен тешүү.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: