Iзат.1. Коомдук өндүрүштүн белгилүү бир тарыхый системасында өздөрүнүн ээлеген орду боюнча, өндүрүш каражаттарына карата өздөрүнүн (көбүнчө закондор менен бекитилген жана оформить этилген) мамилелери боюнча, эмгекти коомдук уюштуруудагы өздөрүнүн ролу боюнча, демек, коомдук байлыктын өздөрүндө болгон үлүшүн алуунун жолу жана анын көлөмү боюнча айырмалана турган адамдардын чоң топтору — тап деп аталат (Ленин, «Улуу демилге»). Жумушчу табы. Биз Лениндин сүйгөн табын сүйөбүз! (Аалы).
2. Оюулары бириники экинчисине кынаштырыла турган шырдактын эки бет кийизи.
ТАПIIзат.1. Ысыктын, жылуулуктун илеби. Очоктогу от өчүп, үстү бозоруп, уламдан улам табы кетип баратат (Байтемиров).
2. Саламаттык, ден соолук; дарман, күч-кубат. Табым жок, кыйналып жүрөм («Ала-Тоо») Табың кандай?
ТАПIIIзат. Жүгүрө турган, ала турган абалга жеткендик, ошого жарактуу абал (күлүк ат, алгыр куштарга карата). Күлүк табында, балам! (Сыдыкбеков). Тапка келбес бүркүттү Жалгыз чыгып салбагын (Токтогул).
ТАПIVтакт. Чак, учур, кез, мезгил. Жүдөп калган табымда, Сапардан келген чагымда, Жүзүңдү көрдүм, арман жок («Манас»). Балтыр этиң толо элек, Балбан табың боло элек («Манас»).
ТАПVэтиш.1. Жок, жоголгон нерсени кезиктирүү, учуратуу. Батыш жүктүн астынан аңтарып жатып, мылтыгын таап берди (Байтемиров). Тапкан сүйүнөт, тааныган алат (макал).
2. Пайда кылуу, жаратуу; киреше киргизүү. Олжо тап. Бирди тапсаң, кийип өт, миңди тапсаң, ичип өт (макал). Айла тап. Акыл тап. Амал тап. Эбин тап.
3. Туш келүү, дуушар болуу, кабылуу. Бечаранын ажал таап, дүйнөдөн кайтышы биздин кабыргабызга баткан («Ала-Тоо»). Каза тапты.
4. Төрөө, дүйнөгө жаратуу. Уул тапты.
5. Табышмактын, жашырын сырдын ж. б. жообун, аныгын билүү, билип айтып берүү. Токто жүрөк толкубагын сабыр эт, Шыбырашкан жылдыздардын сырын тап (Турусбеков). Табышмактын жообун таба алышпай, балдар көпкө ойлонушту («Жаш ленинчи»).
6. Эсептөө, эсеп кылуу, ылайык көрүү. Ылайык таптык баарыбыз Бактылуу баатыр беренди («Курманбек»). Макул тапты. Туура тапты.
♦ Тапканэкенсиң! — айткандары туура болбой калганда, жаңылышканда же жакпаган нерсени сүйлөп койгондо мыскылдоо, кагуу, жактырбоо же какшык иретинде айтылган сөз. Таапайтуу — акылга чегип, туурасын айтуу, билип айтуу.
ТАПVIтапберүү — бир нерсе менен чаап, уруп жиберчүдөй, качырып кирчүдөй ыкыс берүү, обдулуу. Тапжылдырбоо — бура бастырбоо, жылдырбай ордунда кармоо, колун бошотпоо. Магаэлетап — «мени эле көрө калат», «мага эле күчү жетет» деген мааниде.
ТАПVII: тап-тап — чапканда, чапкылап сабаганда, тапылдап түшкөндө (тамчы ж.б.) чыккан дабыш.
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как тап
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
4Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 4 + 0? Ответ:
Отправить