-
мүчө
-
I зат. 1. Адамдын денесинин бөлүктөрү (көбүнчө кол, бут жөнүндө). Юн эки мүчө, кырк тамыр таптакыр ооруп зыркырап («Эр Төштүк»). Арстан Манас баатырдын, Ар мүчөсү башкача («Манас»). - 2. Бүткүл дене, дене түзүлүшү. Шамбет.. ортодо олтурганында алп мүчөсү козголбогон кара таштай эле (Сыдыкбеков). Келиндин мүчөсү келишкен (Жантөшев).
- 3. Кандайдыр бир уюмдун, коомдун, адамдардын тобунун составына кирген киши. Партиянын мүчөсү. Биз менен аңгемелешип отурган колхоздун мүчөсү.. Нурмамбетое («Ала-Тоо»). Башкарманын мүчөлөрү ферма башчысынын сунушун бир добуштан кабыл алды (Каимов).
- 4. грам. Сүйлөмдүн составдык бөлүктөрү (ээ, баяндооч, айкындооч). Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү. Окшош мүчөлөр.
- 5. грам. Өз алдынча колдонулбаган жана лексикалык мааниге ээ боло албаган сөз өзгөртүүчү жана сөз жасоочу морфема. Жөндөмө мүчөлөр. Таандык мүчө. Жак мүчө. Өнүмдүү мүчө.
- 6. Өлүккө келген уруу өкүлдөрүнө же сый адамдарга өлгөн адамды эскерүү иретинде берилүүчү белек, үлүш. Мүчө берүү. Мүчө бөлүштүрүү.
♦ Мүчө-корреспондент — көрүнүктүү окумуштууларга же искусствонун ишмерлерине белгилүү бир академиянын жалпы чогулушу тарабынан академиянын составына киргизилүү менен берилүүчү наам (академиянын анык мүчөсүнөн айырмаланып, мүчө-корреспондент чечүүчү добушка ээ эмес).
МҮЧӨ II этиш. Мүчөлгө толуу, мүчөлү толуп жетилүү.
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | мүчө |
Множ. число | мүчөлөр |
Склонение по падежам - "мүчө"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | мүчө |
Родительный Чей? | мүчөнүн |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | мүчөгө |
Винительный Кого?, Что? | мүчөнү |
Местный Где?, У кого? | мүчөдө |
Исходный Где?, У кого? | мүчөдөн |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | мүчөлөр |
Родительный Чьи? | мүчөлөрдүн |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | мүчөлөргө |
Винительный Кого?, Что? | мүчөлөрдү |
Местный Где?, У кого? | мүчөлөрдө |
Исходный Откуда?, От кого? | мүчөлөрдөн |
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
мүчө