Iзат.1. Таза эместик, булганчтык. Көйнөк кирин жууса кетет, көңүл кирин айтса кетет (макал).
2. Жуулуп, тазартыла турган жана жуулуп тазартылган ар кандай кийим-кече. шейшеп, бет аарчы, суулук ж. б. жалпы наамы. Кере тартылган жипте кир жайылып турат («Жаш ленинчи»).
3. өт. Жаманатты, күнөө, айып. Кошой түгүл даткамды Сөгүп турат Айтике. Бардык кирди даткама, Төгүп жүрөт Айтике (Аалы). Байкабасаң баары бир, Таза башың кир болот (Аалы).
4. өт. Капа, таарыныч, ич күптү. Бизден кеткен иш болсо Кетирербиз кириңди («Семетей»). Балам өлсө барбапсың, Таарынып өпкө, кирди айтам (Токтогул).
5. өт. Кек, жамандык. Кир сактабай, ак көңүл, Кексиз болуп кетелик («Семетей»). — Койчу нары, менин көңүлүмдө кир болсо катты сага көрсөтөт белем («САЖИ»).
¨ Тиштинкиринсоруу — абдан ачка болуу, кезерүү. [Мусабек].. орозо кармап, тишинин кирин соруп кыйналышкан атаэнесине чындыкты айтамын деп, бөөдө жаман көрүндү (Сасыкбаев). Кир-кок — жалпы эле кир нерселер. Кир-когуңду жуудуруп.. алып жүр, кагылайын [деди Жапардын энеси]. КИРIIтуурасы:гиря.
КИРIIIэтиш.1. Бир жерге (мис., үйгө ж. б.) бир нерсенин ичине өтүү, баруу. Эшикти чертип Жолбунов [ үйгө] кирди (Убукеев). Тоту жеңем экөөбүз үйгө кирдик (Жантөшев).
2. Келүү, жетүү. Биз Токмокко эрте кирдик, дүкөндөр соода менен кызып жаткан кези экен (Аалы).
3. Алуу, билүү. Кынуусуна кирген соң, Күндө тозок салбайбы («Манас»). Иштей электе авансылап кирсе, Ал киши кантип оңсун (Шүкүрбеков).
4. Кичирейүү, тыгыздануу, кыскаруу (кездеме, кийим-кече жөнүндө). Улам кирип отуруп тек-жеңи кыскарып кеткен чолок тон.
5. Чыгуу, келүү. Жыйырмага жаңы кирген.
6. Белгилүү бир уюмга мүчө болуу, окууга ж. б. өтүү. Өзүм сүйүп, өзүм кирген партия, Берчи мага кыйын-кыйын тапшырма (Үмөталиев). [Фатима].. акыры интернатка кирди (Сасыкбаев).
7. Басуу, каптоо. Дүңгүрөгөн ызы-чуу Кирип келди айылга (Жантөшев).
9. Басуу, баруу, түшүү. Ак сакал болуп балдарга, Арамдык жолго кирбей жүр (Жантөшев).
10. Бир нерсени баштоо. Бир топ абышка,«Тогуз коргоолго» киришти (Убукеев). Кары-жашы калбастан көчөт отургузууга киришишти (Убукеев).
11. Каарына келүү (буура жөнүндө). Буурасы кирип буркулдап, Кыш чилдеде тиштерин Кычыратып чайнаган (Үсөнбаев). Жаңы кирген кара атаң, Тайлакты чайнап койбосун (Бөкөнбаев).
12. Көбөйүү, ташкындоо. Мөңгү жибип, Суулар кирди күркүрөп (Осмонкул).