Меню
Эл-Сөздүк

КИСЕ

(«текмат») — оттук, кын, окчонтой, баштык, кылыч кезтик өңдүү мергенчилик, жоокерчилик аспап — куралдар кыстарылуучу жазы кур. Илгерки көчмөн, жоокерчилик заманда кисеси жоктор эр бүлө катары эсептелбеген. Бул буюм да чебер кооздолуп жасалган. Киселер баалуу мүлк катары атадан балага мурас катары өткөн. Мыкты кисе жана ага илинген ар түрдүү буюмдар ээсинин турмуштук абалына жараша алтын, күмүш, жез сыяктуу асыл заттар чөгөрүлүп кооздолгон.

КИСЕ

КИСЕ — калың кайыштан күмүш чабылып кооздолуп жасалган курга боосунан бекитилип же илинип коюлуучу баштыкча, тегерек кутуча. Көбүнчө кемер курга байланат. Ага оттук, куу, милте жана башкалар майда буюмдар салынган. Мисалы, «Шалдыркан кисе, бото кур» (Сагымбай Орозбаков, 3. 76). Бычактын кыны, оттук, куу салынган баштыкча жана башка керектүү майда буюмдар илинген кур жалпысынан К. кур деп аталган. Кээде кайыш кур деле К. деп айтылат: «Мойнуна кисе салынып» (Саякбай Каралаев, 1. 51), к. Боз кисе.

кисе

зат. Көбүнчө күмүш чабылып кооздолгон, курга байлануучу булгаары баштыкча. [Кадырбайдын].. белинде күмүштөгөн чоң кисе (Жантөшев). Мына атамдын кисеси.. деди [сары бала] (Аалы).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: