Меню
Эл-Сөздүк

БОЗ ҮЙДҮ САКТОО

Мурун босого-таякка таштан, дөңгөчтөн же кыштан бут кылып, үстүнө керегелерди жаткызат. Анын үстүнө ууктарды кынаптайт. Үстүнөн канат чий, ашкана чий, эшик чий коюлат. Эми туурдук менен үзүктүн арасына үйдүн жип-шуулары, ички жасалгалары орун алат да, үстүнө түндүк көмкөрүлөт.
      Боз үйдүн жабууларын жана жабдууларын күбөдөн сактоодо кургак жайга кармап, кез-кез күнгө жаюу, желдетүү зарыл. Азыр оролгон кийиздин араларына нафталин сээп коюп да жүрүшөт.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: