Меню
Эл-Сөздүк

АППЕРЦЕПЦИЯ

– кабылдоонун буга чейинки тажрыйбадан, билимдердин запасынан жана адамдын психикалык турмушунун жалпы мазмунунан болгон көз карандылыгы; мындай көз карандуулук өз кезегинде ага сырткы дүйнөнүн таасиринин натыйжасы болуп саналат. Кабылдоого адамдардын муктаждыктары, кызыгуучулуктары, жөндөмдүүлүктөрү, сезимдүүлүктөрү жана өнөкөттөрү чоң таасир этет. Адамдын ишениминин, дүйнөгө көз карашынын да мааниси өтө чоң. А. туруктуу жана убактылуу болуп бөлүнөт. Кабылдоонун адамдын туруктуу кызыгуусунан, анын дүйнөгө көз карашынан, психикалык турпатынан болгон көз карандылыгы менен мүнөздөлүүчү А-ны туруктуу деп аташат. Убактылуу А. – кабылдоонун адамдын берилген моменттеги психикалык абалынан (анын көңүлүнөн, бир нерсенин болушун күтүү абалынан ж. б.) болгон көз карандылыгы менен мүнөздөлөт. А. термини биринчи жолу илимге немец окумуштуусу Т. Лейбниц (1646–1716) тарабынан киргизилген. Окутуудагы А. окутуу процессинде жаңы билимдердин мурдагы билимдер менен болгон байланышын түзүү болуп эсептелет. Педагогикага А. түшүнүгүн Гербарт киргизген. Ал ошол түшүнүктүн негизинде окуучулардын билимдерди өздөштүрүүсүнүн жолдору жана ыкмалары ж-дөгү окуу катарындагы пед. бүткүл теорияны түзүп чыккан.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: