Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы:
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - үй
 

үй

 
үй (там), үйү

үй

 
үй, үйөт, үйүү

үй

 
зат. 1. Адамдар тура турган турак жай. Ак үй салган адамга Акиташ менен бор кызык (Осмонкул). Сабыр сабакты начар өздөштүргөн балдардын үйлөрүнө кирип жүрдү (Сыдыкбеков). Кебек карыя менен коштошкондон кийин, Андрей үйүнө чейин ойлонуп барды (Байтемиров).
2. Имарат. Станциянын жаңы үйлөрү тоодон ашып тийген күндүн нуруна бөлөндү (Сасыкбаев).
3. Ар түрдүү коомдук керектөөлөрдү тейлөөчү жай, мекеме. Дем алуу үйү. Окуу үйү. Төрөт үйү. Маданият үйү.
Боз үй — айрым көчмөн элдердин кийизден жасалган (адатта конус формасындагы) үйү. Көйкөлүп мелт-мелт этет жайык бети, Көрсөтүп чоң боз үйдү берки четки (Осмонов). Сонун жасалгалуу боз үй (Жантөшев). Там үй — дубалдары топурактан согулган же кирпичтен тургузулган үй. Көшөгө ачылганда Пармандын жаңы салынган татынакай там үйүнүн ичи көрүнөт (Бөкөнбаев). Жолум үй — малчылар тигүүчү жеңил үй; түндүккө ууктар гана сайылып, кийиз жабылган кичинекей алачык. Кош баш тиккен жолум үй, От чыгып жылт-жылт тешиктен («Эр Табылды»). Жолум үйдөй көбүктү, Жол четине чачтырып («Семетей»). Жер үй — жерден казып жасалган үй (кээ бир учурларда үстү жагына бир аз кошумча дубал көтөрүлүп коюлат). Кызыл үй к. кызыл. Үй-жай — турак жай, үй жана ага тиешелүү мүлк. Үй-жай куруп, бала-чакалуу болушуп өмүр сүрүшөт (Жантөшев). Үй бетин көрбөөүйүндө болбоо, көбүнчө сыртта, үйдөн сырткаары жакта болуу, сыртта жүрүү. Үй көтөрүү1) жаңы үй (боз үй) жасоо;
2) белгилүү бир максатка ылайык (мис., келген коноктор үчүн) үй тигүү.
ҮЙ II этиш. Бир жерге жыюу, жыйноо, дөбөлөп чогултуу, үймөктөө. Алты кырдын үймөгүн, Жалгыз үйөт, кыздар ай (Осмонов). Аппак-аппак пахтаны, Ар жерге үйгөн көбөйтүп (Нуркамал).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санүй
Көптүк санүйлөр
Антонимдери
чач
жай
Жөндөлүшү - "үй"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?үй
Илик Кимдин? Эмненин?үйдүн
Барыш Кимге? Эмнеге?үйгө
Табыш Кимди? Эмнени?үйдү
Жатыш Кимде? Эмнеде?үйдө
Чыгыш Кимде? Эмнеде?үйдөн
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?үйлөр
Илик Кимдердин? Эмнелердин?үйлөрдүн
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?үйлөргө
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?үйлөрдү
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?үйлөрдө
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?үйлөрдөн

Найти все переводы слова "үй" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "үй"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru