Меню
Эл-Сөздүк

эсеп

эсеп, эсеби, эсепппи
эсеби жок
эсебин табуу
эсеп-кысап

Эсеп

Эсеп – 1) өзүнчө статьяга тиешелүү болгон бардык бухгалтердик жазуулардын регистри. Кош жазуу системасында эсеп дебетке жана кредитке ээ; 2) соода мамилелеринде – сатуучу тарабынан сатып алуучунун атына жазылган жана товардын келип түшкөндүгүн жана анын наркын тастыктаган товардык документ; 3) эсептешүү, кандайдыр бир нерсени эсепке алуу.

эсеп

зат. 1. Ар кандай нерселердин саналып, саны такталып чыгарылган жалпы жыйынтыгы, канча экендигин көрсөткөн жалпы саны. Күн эсеби белгилүү Жылда болот турбайбы (Алыкулов). Кеткенине жети күн Болду бүгүн эсеби (Үсөнбаев). Малдын жалпы эсеби. Эмгек күндүн эсеби. Акчанын эсеби.
2. Арифметика. Эсептен сабак берген Сартбаев балдардан сабагын сурай баштады (Сыдыкбеков).
Эсеп-кысап — ар кандай эсеп иштери, эсепке тийиштүү маалыматтар. Кампанын эсеп-кысабын жатка билген киши экен (Бейшеналиев). Орто эсеп менен — кандайдыр бир нерсенин эң жогорку көрсөткүчү менен эң төмөнкү көрсөткүчүнүн орточо саны, орточо болжолдуу эсепти-көрсөтө турган сан. Бир машина орто эсеп менен 80 гектар жердеги пахтаны терүүгө тийиш («Коммунист»). Эсебин табуу — ар нерсенин ыңгайын, шартын, жөнүн таап иштөө, аракет кылуу, бүтүрүү, жайлоо. Чын эсебин табайын, Чыркыратып бул таздын Башын кыя чабайын («Эр Төштүк»). Эсеби жок — эң эле, абдан, болжолсуз, ченемсиз. Эсеби жок эр Төштүк («Эр Төштүк»). Макел Дөө деген балбаны Эсеби жок чоң экен («Манас»). Эчки, теке, кийиктер Эсеби жок семирген (Токтогул). Сары эсеп — пайда чыгаруу, пайда көрүп калуу аракетиң жасап, аябай так, зыкымдык менен эсеп жүргүзгөн киши. Сарамжалың сан жеткис Сары эсеп киши экенсиң (Калык).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санэсеп
Көптүк санэсептер
Жөндөлүшү - "эсеп"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?эсеп
Илик Кимдин? Эмненин?эсептин
Барыш Кимге? Эмнеге?эсепке
Табыш Кимди? Эмнени?эсепти
Жатыш Кимде? Эмнеде?эсепте
Чыгыш Кимде? Эмнеде?эсептен
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?эсептер
Илик Кимдердин? Эмнелердин?эсептердин
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?эсептерге
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?эсептерди
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?эсептерде
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?эсептерден

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: