|
эне
|
|
зат. 1. Баланы төрөгөн жана тарбиялап өстүргөн апасы, аял (баласына карата). Ак сүтүн берип өстүргөн, Ардактуу биздин энелер (Бөкөнбаев). Энесин көрүп кызын ал, эшигин көрүп төрүнө өт (макал).
2. Төлдөгөн, тууган ургаачы жаныбар. Торпок да сүйөт энесин (Шүкүрбеков). Энеси менен кошо оттоп, Ээлигип кулун секирди (Мидин).
3. Төрөгөн апасына, аялга жана өзүнөн улуу, улгайган аялдарга, кемпирлерге айтылуучу сөз. Жолдо кетип бара жаткан кемпирди көрүп Каныбек: — Эне,
кандай баратасыз? — деди (Жантөшев).
♦Энеден туума к. туума. Чоң эне — 1) атасынын апасы. Мен да чоңойгондо чоң энем менен чоң атамды сөзсүз багам (Жантөшев); 2) улгайып калган аялдарга, кемпирлерге айтылуучу сөз. Чоң эне, эмне кылып жатасыз? — деди жолдон учураган чоочун кемпирге.
|