шыйрак |
шыйрагын карматпоо шыйрагын сындыруу шыйрагына татыбоо шыйрагына теңебөө |
шыйрак |
2. өт. Мылтыктын алдына коюлуучу кош буттуу тирөөч, таканчык. Кош шыйрак чоң мылтыкты ак бараңдай, Орнотту зенит кылып каптал жерге (Үмөталиев). Мылтыгынын милтесин түтөтүп, шыйрагын жерге сайып коюп, кончундагы чакчасына кол сунду (Бөкөнбаев). Арчадан кундак ойдурган, Алмадан шыйрак жондурган (Тоголок Молдо). ♦ Куу шыйрак — 1) жарыбаган, жакыр; 2) төрөбөгөн, бала көрбөгөн, согончогу канабаган. Мага согончогу канабаган, куу шыйрак катындарды берди го! (Жантөшев). Өлбөгөн төрт шыйрагы калуу — өтө уят болуу, уяты чыгуу. Уялганымдан өлбөгөн төрт шыйрагым калды (Баялинов). Бөйрөктөн шыйрак чыгаруу — жок нерселерди ойлоп таба берүү, ойдо жок нерсени чыгарып амалдануу. Эгер кимдир бирөө келсе, бөйрөктөн шыйрак чыгарып айта албайбы (Байтемиров). Кымыз иче берип жүрөктөрү күйгөндө, бөйрөктөн шыйрак чыгарып, чоң кызыкты мына ушу жерден башташты («Чалкан»). Шыйрагын карматпоо — бербөө, колуна тийгизбөө, жуутпоо. |
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | шыйрак |
Көптүк сан | шыйрактар |
Жөндөлүшү - "шыйрак"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | шыйрак |
Илик Кимдин? Эмненин? | шыйрактын |
Барыш Кимге? Эмнеге? | шыйракка |
Табыш Кимди? Эмнени? | шыйракты |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | шыйракта |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | шыйрактан |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | шыйрактар |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | шыйрактардын |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | шыйрактарга |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | шыйрактарды |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | шыйрактарда |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | шыйрактардан |
Найти все переводы слова "шыйрак" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "шыйрак"?
Ввойти