Найдены по другим направлениям
-
чабарман
-
зат. 1. Кабар берүүчү, кабар жеткирүүчү адам. Жакшы ат минген чабарман, ал жерге бир жарым саатта барып келиши мүмкүн (Абдукаримов). Чабармандан кеп угуп, Алмамбет келди деп угуп («Манас»).
2. Мекемелерде, ишканаларда иш кагаздарын ж. б. ташып жүрүүчү адам. Чоң жол менен төмөн кеткен киши колхоз-колхозго чакыруу кагазын жеткирип жүргөн чабарман экен (Сыдыкбеков). Жапар.. контордон чыга берерде, чабарман карыя келип ага бир кат берди (Баялинов).
3. Ат чабуучу, атка тың жүрүүчү. Ат чабарман балдарың артынан түшүп чубасын (Жантөшев).
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | чабарман |
Көптүк сан | чабармандар |
Жөндөлүшү - "чабарман"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | чабарман |
Илик Кимдин? Эмненин? | чабармандын |
Барыш Кимге? Эмнеге? | чабарманга |
Табыш Кимди? Эмнени? | чабарманды |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | чабарманда |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | чабармандан |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | чабармандар |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | чабармандардын |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | чабармандарга |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | чабармандарды |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | чабармандарда |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | чабармандардан |
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
чабарман