Меню
Эл-Сөздүк

оң-

оң- (жакшы бол-)

оң

оң (сын а.)
оң баштан-
оң жамбашынан жатуу
оң жыгыл десе, теске ри жыгылат
оң индукция
оң канат (этн.)
оң кол эрежеси (физ.)
оң колдуулук
оң колу
оң көзү
оң сан (мат.)
оң-сол
оң таппоо
оң-тетири
оңду-солду

оң-

оң- (өңү өчүү)

оң

I зат. 1. Солдун карама-каршы жагы. Абылбек оң колунун ортону менен столду акырын гана тырсылдата ургулап койду (Жантөшев). Оң жагымда Жапар жатат, Сол жагымда Сулайман (Үмөталиев). Оң колуна кайчы алган, Сол колуна барча алган (Тоголок Молдо).
2. Ылайык, туура, дурус, жөн, жөндүү; бузулбаган. Теги ошончо элдин көзүнөн алыс кеткеним оң болду (Сыдыкбеков). [Атам] мен эмнени ойлосом, ошону оң көрөр эле (Сасыкбаев). Машина оң эле.
Оң көзү — абдан ишенген кишиси, ишеничтүү адамы. Элемандын Төштүктүн Оң көзүнүн бири экен («Эр Төштүк»). Оң колу — иштерин, жумуштарын бүтүрүүдө таянган кишиси. Оң таппоо — катуу тийүү, катуу зыянга учуроо. Оң таппагандай — бир топ, бир кыйла.
ОҢ II этиш. Күндүн, абанын таасири менен бир нерсенин өңү өчүү, кубаруу. Кырк жылы сууга чыласа, Кылт этип кылы оңбогон («Манас»). Бурулбасын, оңбосун, Гүл жүзүңөр солбосун (Үмөталиев).
ОҢ III этиш. Жакшы, оңтойлуу абалга жетүү, түзүк болуп калуу; жыргап калуу. Дүнүйөнү жайнатып, Аш-тамагын кайнатып, Оңуп жаткан кези экен («Эр Төштүк»).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик саноң
Көптүк саноңдор
Синонимдери
түзүк
оңураак
Жөндөлүшү - "оң"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?оң
Илик Кимдин? Эмненин?оңдун
Барыш Кимге? Эмнеге?оңго
Табыш Кимди? Эмнени?оңду
Жатыш Кимде? Эмнеде?оңдо
Чыгыш Кимде? Эмнеде?оңдон
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?оңдор
Илик Кимдердин? Эмнелердин?оңдордун
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?оңдорго
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?оңдорду
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?оңдордо
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?оңдордон

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: