Меню
Эл-Сөздүк

от

от (жалын), оту, отту
от агасы
от ал-
от алдыр-
от алдыргыч, стартер
от алдыруу
от алдыруу бөлүштүргүчү
от алышпоо
от басар
от башы (эск.)
от кечүү
от май (эск.)
от менен жалын
от менен жардыруу
от менен ойноо
от таштоо
отко-жамга түшүү
отко киргизүү
отко сийүү
отко түртүү
отко түшүү
отко-сууга салуу
оту күйүшпөө
оту күйүшүү
оту менен кирип, күлү
менен чыгуу
оту өчүү

от

от (чөп)
отко коюу
от жер
отко кой-

от

от : алакандын оту, беттин оту
оту бетине чыгуу
оту чыгуу

от

I зат. 1. Тутанып күйүп турган газ, жалын. Малды жайгаштырып коюп, [малчылар] бардыгы от, жагылган ыктоону жамаалады (Убукеев). Кочегарлар бөлүмүнөн алоолонгон от, жалын көрүндү (Сасыкбаев). Кызартып көлкүлдөтүп отко салып, Чоюнду саймалантып жатат курап (Бөкөнбаев).
2. Жарык берүүчү приборлордун нуру, жылтылдаган жарык. Араң гана лампочкадан Бүлбүлдөгөн от жанат (Бөкөнбаев).
От алдыруу — моторду иштетүү. Жүрөгүндө оту бар — курч, эр жүрөк, жалтанбас, тайманбаган. Арасына от жагуу — арасын бөлүү, өз ара мамилесин бузуу, бирин-бирине жаман көргөзүү. От менен жалын — абдан ысуу, дене абдан ысып кетүү. Баш оту менен — биротоло, башы бойдон, бүт бойдон. Дайын оту жок — дайынсыз, дарексиз, ынжыңсыз. Оту күйүшпөө — мамилеси туура келбөө, бирге тура албоо, ыркы келишпөө. Отко кийирүү — жаңы келген келинди күйөөнүн тууган-туушкандары үйүнө чакырып, эшик-төрүн көрсөтүү.
ОТ II зат.1. Жашаң чөп, чөп. [Кычан кунанды] от жерге аргамжылап коюп, уйларды жөө тосмолойт (Бейшеналиев). Отко коюу.
2. Жылкынын айрым үйүрү. От-оту менен жылкы чоң ашуунун аркы түбүн шыкап чыгып келди (Убукеев). Ошо күндө келбесе, От-оту менен жылкыңды, Оюм менен тиемин («Курманбек»).
Отко коюу — оттотууга коё берүү; чөпкө коюу. Атты чыгарып отко коё бер!деди Жылдыз (Жантөшев).
ОТ III: алакандын оту — алакандын ортосу. Алакандын отундай — кичинекей. Алакандын отундай жерге таруу айдаган. Беттин оту — беттин ортосундагы кызыл тартып нурданып турган жери, беттин ортосу. [Настендин] эки бетинин оту тамылжып албырууда болду (Убукеев).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санот
Көптүк саноттор
Синонимдери
жалын
Байланыштуу сөздөр
көсө
күл
оттук
отун
ширеңке
Жөндөлүшү - "от"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?от
Илик Кимдин? Эмненин?оттун
Барыш Кимге? Эмнеге?отко
Табыш Кимди? Эмнени?отту
Жатыш Кимде? Эмнеде?отто
Чыгыш Кимде? Эмнеде?оттон
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?оттор
Илик Кимдердин? Эмнелердин?оттордун
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?отторго
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?отторду
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?оттордо
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?оттордон

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)


Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:

RU


Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: