Меню
Эл-Сөздүк

ИЙИК

жүндөн, кебезден жип ийирүүчү аспап. Анын сабы катуу кургатылган талдан жана тобулгудан тандалат. Ал сап төмөн карай ичкертилип, узуну 30—35 см, жоондугу 7—10 мм. болот. Тегерек таштан, коргошундан, оор металлдан же карападан ийик башы көзөлүп, сабынын жогорку учуна кийгизилет. Ийик саптын жогорку учу көзөлүп, ага ичке чий, же катуу жыгач өткөрүлөт. Ал ийиктин «буйласы» деп аталат. Ийрилип ийик баштын алдына тоголок түрүлгөн жип салмактанганда ийик баш алынат да, тоголок жип чыгарылат. Муну «бир баш алмай жип» деп айтат.

ийик

ийик (зат а.), ийиги,
ийикке

ийик-

ийик-, ийигет, ийиккен

ийик

I зат. Жүндү, кебезди ийрүүгө ылайыкталып жасалган нерсе. Чоң эне ийик эле ийрип отурат (Сыдыкбеков).
ИЙИК II этиш. Ийүү, көңүлү жибүү, жумшаруу. Келгениңе алты айдан ашты, ушу бечараларга бир ийиккениңди көрбөдүм (Жантөшев).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санийик
Көптүк санийиктер
Синонимдери
чарык
Байланыштуу сөздөр
ийир
жип
жүн
Жөндөлүшү - "ийик"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?ийик
Илик Кимдин? Эмненин?ийиктин
Барыш Кимге? Эмнеге?ийикке
Табыш Кимди? Эмнени?ийикти
Жатыш Кимде? Эмнеде?ийикте
Чыгыш Кимде? Эмнеде?ийиктен
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?ийиктер
Илик Кимдердин? Эмнелердин?ийиктердин
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?ийиктерге
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?ийиктерди
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?ийиктерде
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?ийиктерден

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: