-
ЖЫГАЧ
-
Элдик көркөм кол өнөрчүлүктө буюм-тайым кармоонун жердиги. Күнөстүү кыргыз жергесинде жыгачтын түрлөрү арбын. Аларга: арча, карагай, кара жыгач, кайың, тал, терек, ак чечек жана жемиш бак-дарактары: өрүк, жаңгак, тыт, алма, алча өңдүүлөр кирет. Булар ар кандай көркөм буюм-тайымдарды жасоо үчүн чеберлерге укмуштай бай негиз боло алат.
Найдены по другим направлениям
-
жыгач
-
зат.1. Катуу сөңгөктүү жана бутактуу көп жылдык өсүмдүк, бак. Мөмө жыгачтары. Алма жыгачы. Тыт жыгачы. Адам көркү чүпүрөк, жыгач көркү жалбырак (макал).
2. Ушундай өсүмдүктөрдүн курулушта, ар түрдүү буюмдарды жасоого жана отун катарында пайдаланыла турган сөңгөгү, андан иштетилип алынган материалдар. Үйдүн жыгачын, башка материалдарын камдап койдук. Жыгач отун. Жыгач табак.
¨ Ат жыгач — тегирмен жабдууларынын бир бөлүгү. Ок жыгач — кош ат чегилген арабанын алдынкы огуна бекитилип, аттардын ортосун бөлүп турган узун жыгач. [Чаргын].. арабанын ок жыгачын сууруп келди (Сыдыкбеков). Кашек жыгач — рама. [Мышык].. тырмактарын жаза тытыратып, терезенин кашек жыгачын тырмады (Сыдыкбеков). Сары жыгач — бөрү карагат мөмөсүнүн жыгачы, ушул мөмөнү берүүчү бадал.
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | жыгач |
Көптүк сан | жыгачтар |
Жөндөлүшү - "жыгач"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | жыгач |
Илик Кимдин? Эмненин? | жыгачтын |
Барыш Кимге? Эмнеге? | жыгачка |
Табыш Кимди? Эмнени? | жыгачты |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | жыгачта |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | жыгачтан |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | жыгачтар |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | жыгачтардын |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | жыгачтарга |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | жыгачтарды |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | жыгачтарда |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | жыгачтардан |
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
жыгач