Найдены по другим направлениям
-
жире
-
этиш. 1. Улам арылатып тилүү (мис., сойгон малдын терисин); жара жүрүү, тиле жүрүү (мис., сууну, абаны ж.б. тоскоолдуктарды). Кайык түштүккө багыт алып, тумшугу сууну жиреп зымырап баратат («Ала-Тоо»). Койдун терисин жиреп сыйыруу.
2. өт. Бирөөнүн айткан сөзүн улантып, андан ары өнүктүрүү, апырта, ашыра сүрөп кетүү. Барба дебейсиңби, а көрө, кайра аны жиребей (Байтемиров). Бирөө мугалимге суроо берсе, калган төртөө жиреп олтурушуп... чаң салышат (Бейшеналиев).
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
жире